Кеч келген стансы

Кара жер менен талаш чыкпайт оңунан: акыркы он жыл жүлүнүмө жетти го — бир досумду жерге берсем, соңунан экинчиси, үчүнчүсү кетти го. А бирок жер өзүн төмөн түшүрө, булбулдарга доо кетирип өчөшкөн, үч уктаса кирбес ошол түшүнө деп кайдагы Лысенкого шек өткөн. Тандап алсам көнүп башка тагдырга: демге толуп таң заарында тургандай, сергек болуп суу түтүктүн алдында как чокуга мупмуздак суу куйгандай, же болбосо, кыялында сабалап, китептерди окуй берген уктабай, же болбосо, саамай чачын салаалап, серпип турган эң акыркы фишкадай. Бирок өттү, кетти мезгил алтындай, үмүттөнгөн тилегине жетпеди бекерпоз да, спортчу да ал тургай. Жаңы жайга келгичекти, эх деги, турмуш мени туздап далай сыздатты, көрүп сенин кандай сулуу экениң, моюн сунуп, кабыл алдым кызматты: изкубарың болуп эми кетемин. Чындыгында дагы канча көп жерде кол тиелек тереңдиктер чакырат, канча аракет кылдык ага жеткенге, кайра сүзүп чыксак-ээ деп батыраак. Алыс барбай суучулдарың тумчугат дем алуучу аппараттан биздеги, кара жандан кечип анан ким чыгат калың катмар көк тереңге сүзгөнү? Кнтсе да мен азыр үмүт үзбөстөн ишенемин бир гана көк асманга, керек кезде сырым айтып үндөшкөм саал айбыгып ырахатка батканга. Алыс чуркап келген окшоп жаңы эле өйдө карайм бир аз башым кеңгиреп, эртең башка сапар күтөт дагы эле, алдын ала бекем коём белгилеп.