Кыш Франкфуртта
Күндөп чиркөө коңгуроосу кагылган
немистердин күл-кирпичтен конушу;
күн күркүрөп, көктү жарат чагылган,
сууну бүркүп чарт-чурт эткен добушу;
автобустун бүкмө ортосу кыяктай
бурулушта чоюп барат көөрүгүн;
түрк ити да терезеден кылактай,
оозун керет тукумундай бөрүнүн;
мен баратсам, жамгыр кыйгач мыктарын
калпагыма кадачудай төгүлөт;
коңшу мышык абаны көр тытканын,
мурутчан мас поляк окшоп көрүнөт;
кыш болсо да аяз алсыз туюлуп,
күнү жоктой күүгүмдөнөт бүт тарап,
газдын таттуу күйгөнүндө жылуулук,
чоочун өлкө ит кошулуп жыттанат;
жалгыз келем. Так төбөмдө жайылган
коң каргалар жарк дей түшөт каркылдап.
Кан алмашты. Сойлоп барат чагылган
төгөрөктү төрткө бөлүп чартылдап.
немистердин күл-кирпичтен конушу;
күн күркүрөп, көктү жарат чагылган,
сууну бүркүп чарт-чурт эткен добушу;
автобустун бүкмө ортосу кыяктай
бурулушта чоюп барат көөрүгүн;
түрк ити да терезеден кылактай,
оозун керет тукумундай бөрүнүн;
мен баратсам, жамгыр кыйгач мыктарын
калпагыма кадачудай төгүлөт;
коңшу мышык абаны көр тытканын,
мурутчан мас поляк окшоп көрүнөт;
кыш болсо да аяз алсыз туюлуп,
күнү жоктой күүгүмдөнөт бүт тарап,
газдын таттуу күйгөнүндө жылуулук,
чоочун өлкө ит кошулуп жыттанат;
жалгыз келем. Так төбөмдө жайылган
коң каргалар жарк дей түшөт каркылдап.
Кан алмашты. Сойлоп барат чагылган
төгөрөктү төрткө бөлүп чартылдап.



