Көз арбаган ааламда голландка-мештей жаркын болуп...
* * *
Көз арбаган ааламда голландка-мештей жаркын болуп,
Көлдөн чыккан суу перинин санындай салкын болуп,
Рождество түнүндөй ысык жана аяздуу суук болуп,
Чөйчөктөгү күзгү суудай күмүштөнө тунук болуп —
Ай-асман кутучадай жез ачкычка ачылып,
Көксөгөн сентябрдын күнүндө бир байкалган:
Көгүш көктөн алаканга түшүп келет ашыгып
Периште, жылдыз, балык жана жүрөкчөлөр янтардан.
Эгер чычкан жойлоп кетсе кереметтүү дүйнөнү,
Боз тынчтык болуп коркутуп, кытырата кемирет,
Тамагыңды кычыштырып боз ангина жүргөнү,
Жүрүшү жылдыздардын бузулат го тезирээк.
Биз ачабыз бийикти — желбиретсин шамал парданы,
Анан ошол бийикте
Куш жүндүү мышыктары Кудайдын аны кармады,
Аңдып барып алгыр чапчаң жигитче.
Күзөтчүнүн курч тишинде чычкан чыйылдап,
Аны көктө чарк айлантып шамал күчтүү экен,
Ошентип, боз чычканга жамгыр-тагдыр буюрмак,
Ал биздин бакчабызга жемиш болуп түшсө экен.




