Бай улан жөнүндө ыр
Мен — бай улан, а мага аянычтуу
Эфес кылыч, шакек менен ажырашуу,
кызыл тасма помбаркыт кемсел менен,
жана да бир тал канат сеңсел менен...
Сыймыктана кымтылган мыйык менен
кериле ээрге отурган келбет менен
серпилип секиргендей басык менен
кайык сымал какыйган ээк менен.
Буржуйган булчуң менен, кан тепкен тери менен,
арфанын үнү менен, азгырык пери менен,
ыргактар ыры менен, Кудай берген тартуу менен —
шырк эткен ысык менен, закым менен жарк эткен!
Курттар төлдөп көбөйгөн жайдан корком,
кемип күндө бараткан айдан корком,
чымындар каптап конгон тойдон корком,
көрүнбөс руху жарды ойдон корком!
Беремин кылычымды кыны менен,
кемселди, шакекти да чыны менен,
сурнайды колдончу аңчылыкка,
жолду берем белгисиз жаш Кудайга!
Үнүмдү берем ага, жалындуу көз карашты,
беремин куюлушкан тармал чачты...
Атургай уу аралаш балы менен жүрөктү да,
жерди, өмүрдү, жылдызды, мүрөктү да.





