Төө тикен

                     Төө тикен

Бүт унутуп, көрбөй, укпай, ишенбей,
Алган окшоп наркоздун көп дозасын,
Мен турамын короодо төө тикендей
Сүйүп калган назик кытай розасын.

Кечки жарык агып сууга жем болгон,
Үкү гүүлдөп алааматты аяндайт.
Корозду көр качандыр бир мен сойгон,
Мага күлүп, каткырыгын аянбайт.

Сары аары чарк айланып төбөмдөн,
Козукарындар уусун мага сунгандай.
Башын ийип, үй түбүнө жөлөнгөн
Жалгыз чалгы аяп мени тургандай.

Өмүр бою бороон тосуп өрдөймүн,
Кантип анан бул тагдырды мен жеңбейм.
Эми болду, эч убакта өлбөймүн,
Сенин дагы өлгөнүңө жол бербейм!