Жээк
Жылтырап күмүш баскандай
жараңка, кыры асканын
байыркы мата жапкандай
көргөзүп бизге жатканын.
Аларга сырдуу шыбырлап,
күрүлдөп күн-түн уктабай,
Сыйгалак кылган кылымдап
Толкундар картаң устадай...
Сурамак элем мен кимден
тактика жагын бөжүрөп,
көктөгү алыс мейкинден
өзү эле айкын көрүнөт:
байланыш түзгөн үзүшпөй
аялдай назик башаты,
жылтырап таза күмүштөй
жайнаган оттор кашаты.





