Ойногондо ураган храм тарапта
* * *
Ойногондо ураган храм тарапта
чалкан чагып, кутулбаган уйгактан.
Эс тартканда энеси акыл салат да,
«Ичпегин!» деп Москвага узаткан.
Эстесе да үйүн, итин, баарысын,
мендей эмес — жай таппай ал күнү-түн,
канча жолу алмаштырды багытын,
өнүп-өскөн аймагын да, сүйүүсүн,
акырында түрмөнү да, мекенин.
Тагдырыңа туткун болгон убагың,
согуштан соң турмуштун көр бечелин,
тасмалардан сурнай үнүн угамын.
Анда баба коңгуроосу кагылбай,
алман алчу кузгундардай гүүлдөп
чогулган топ кеткен эле камынбай...
Бүркөлгөн күн бара-бара күүгүмдөп,
ар бир атом ары-бери урунат,
нукура эмес, жасалмадай туюлат.




