Баёо суроолор
Кызык — чындап эле галактикалар
бири-биринен коркконунан
алыстап баратабы оолуга?
Чынында эле динозаврлар
атайы кырылганбы калбас үчүн
тепселип танкалардын дооруна?
Полицейлер тымызын көзөмөлдөп
маймылдар адам болуп өзгөргөн деп
айтылган сөз изги беле?
Обо эне ошо чын эле
жамандык-жакшылыкты баамдаткан
алма бактын мөмөсүн
чоочун бакта жүрөм деп үздү беле?
Эгер миллиарддар миңдер үчүн
баардык ишке баралса, анда миллиондор
миллиардга карыздан кантип бошонгон?
Кайдыгер бийлик төбөлдөрү
Эске албай коюп Архимед мыйзамын
Атлантида чөктү беле ошондон?
Атайын ойлопТабигат
адамга мындай көлөмдү
микробдон сандаган
жылдыздардан арбаган
өтө алыс болсун үчүн бергенби?
Мындай баёо суроолорду табабыз,
анан качан акылдуу жооп алабыз?




