Филателист

Маркачынын жаны буюм болгондо — желим, сургуч, маркасындай почтанын, жана башка... үп бөлмөгө толгондо элестеткин чаңдап, чирип жатканын. Алар бирок түк жоголбойт түбөлүк: баа жетпеген асыл окшоп керектүү каталогдо бар жазылган күбөлүк кайталанбай, катасы жок, иреттүү. Терезеге баркыт парда ыкталып салмактанса, чылым түтөп абдан жай, жүлжүйсө да күч келгенден көз талып, караңгыга үйүр алып калгандай, тумандаган көк түтүнгө карабай, ката тапты катар турган кезектен: бир-бирине байланышы жарабай, орундары чаташкан не себептен? Ар бир чекит, чийиндерин изилдеп, түстүү сүрөт өз-өзүнчө бөлүнүп, китепчеге сап-сап ырдай тизилмек; мунжу мына, алтын чаңы көрүнүп; муздак темир кыпчыгыч тур мелтиреп: дүйнө ага — кур кыялдын чаңындай, аралашпай паровоз, гүл, портрет, жай-жайында туруш керек жаңылбай. Филателист өз эмгегин зор туткан, тагдыр аны изкубарга коштубу, боштук эмес — чындап аны коркуткан — марка салаар уячанын жоктугу