Бакалоорлор кургайт
Түнкү саат экиде жолго чыктык.
Деңиз бизди жактырбагандай көрүндү. Бирок эркин кубат, жапайы күч бийиктиктен, аска үстүнөн да сезилип турду.
Жер үстүндө жүргөн адам чоң сууну алыстан баамдайт. Ал көчөдө баратып эле күтүлбөгөн жерден сезет, жытын билет: мына, мынабу бурчтан кийин, кайрылуудан өткөн соң кеңири мейкиндик ачылат, туздуу шамал бетке урат.
Жээкти карай тик ылдый ташка чегилген жалгыз аяк жол салынган: ийри-муйру, бирок тыкан чегилип кооздолгон. Кооптуу жерге тосмолор коюлган, зарыл болгон жерде — тепкичтер. Бирдей аралыктарда — чырактар, өзгөчө ушулар бизди кубантты: караңгыда Семён экөөбүз сапарыбызды баштабай жатып, үч мүнөттөн кийин моюнубузду сындырмакпыз.
Түн эң сонун, Италиянын түштүгүндөгү туздуу, коюу, майлуу түн — бычак менен нанга сыйпа. Эгер колуңдан келсе.
Биз басып жеткиче деңиз акырындык менен экиге бөлүндү, сүрөт сыяктуу болбой калды. Жалпы аралашкан добуштар өз-өзүнчө үндөргө бөлүнүп кетти: мына, толкун аскага тоголонуп келип жарылды, көбүктөр туш тарапка чачырады, бул жерден ызырынып, толкун кайра артка чегинди.
Акыркы бурулушка жетпей мен токтоп:
—Карасаң. Чынбы, же жалганбы? — деп сурадым.
—Чындыкка окшойт,— деп жооп берди Семён. — Жыты укмуш. Чыныгы деңиз.
—Жер Ортолук деңизи,— деп тактадым.
—Жапжаңы жыт, — деди Семён. —Таптакыр башкача. Кара Деңиз кандай жыттанарын билем. Каспийди да. Балтиканы да жыттагам. Түндүк деңизди да. Аралды да... А, Жер Ортолукту жыттаган эмесмин.
Жээк таштарга толуптур, ар бир экинчиси машинанын көлөмүндөй. Бирок бул жерде да, таштардын курч урчуктарынын арасында да эмгекчил кол жол салыптыр. Чечкиндүү кадам таштап, акыркы метрлерди басып өтүп, таштын үстүнө чыгып, ыракаттана каткырдым, кезектеги толкун кургак батинкеме суу чачыратып, нымдалган бут кийимге айлантканда дагы жыргап каткырдым — катуу жана бейкам.
Баары реалдуу болчу. Капри аралы, түн, февраль, Москвада минус жыйырма беш, а бул жерде — мен азыр шымымды чечип, сууга секирем да, жыргап сүзөм.
— Мына, — деп Семёнго кыйкырдым. —Мына, так өзү. Жер Ортолук. Жытта, тууган!
Семён чечине баштаптыр.
—Анткен менен, — деп жооп берди ал, — мен Кара Деңизди артынан жыттагам. Түркия тараптан. Контрабанда ташып жүргөндө. Түркиядан Новороссияга түн ичинде, вельбот кайыгы менен...
— Романтика, — дедим.
— Ооба, — деп аргасыздан макул болду Семён. — Өлө да...
Ал жыпжылаңач болуп, таштардын арасында крабга окшоп тарбалаңдап, эски МХАТ мектебинин духунда жайбаракат декламация айтып баратты:
«Шаланда сүзөт балыктарды, жылдыздарды аралап! Үч грек Одессага контрабанда алып барат».
Анын аракети олдоксон болсо да, кенедей ашыкбаш кыймыл жасаган жок. Ал көптөн бери эч кандай керексиз кыймыл жасабайт: түнкү сууга түшүүдө, деги эле эч бир.
Ал килтейген тишке окшогон аска таштын четине отуруп:
— Бардык жерде таштар! —деди.
— Бекем карман, — дедим. — Толкун урса, арка-мойнуң астыңда калбасын.
— Мына келди, — дегиче Семёнду суу жапты. Көбүктөнгөн чоң толкун урганда ал өлө ыракат алууданбы, же үрөйү учканданбы, катуу айкырды да, суу астында жоголуп кетти.
Биринчи толкун дароо эле экинчи толкун менен коштолду.
Башы суудан чыгары менен Семён кубанычтуу айкырыгын кайталады, бирок жоон үн менен. «Бакалоорун суулап алды»,— деп ойлоп, кыйкырдым:
— Сүз!
— Impossibile! (Мүмкүн эмес!) — деп Макаров жөтөлүп, какалып, калчылдап артка жөрмөлөдү.
Жаныма отурду да, ич көйнөгү менен сүртүнө баштады.
Биз сүлгү алган эмеспиз.
— Эгерде бутуңду сындырып алсаң, — деди, — ал эчтеке эмес. А эгерде бутуң кыпчылып калса, бүттү, аныңды жөн эле жулуп алат.
— Бул жерге жергиликтүүлөр кантип сууга түшөт, белгисиз.
— Алар сууга түшпөйт, — деди Семён. — Бул биз үчүн экзотика, аларга эмне? Жөн эле — деңиз. Кел анда, тескери жагдайды элестетип көрөлү. Эки италиялык макоо Москвага атайын эки күнгө учуп келди дейлик. Жума күнү түштөн кийин Үчүнчү айланма жолду атайын кесип өтүү максатында. Бири чуркап өтүп, экинчисине кыйкырат: «Марио, бул сонун экен! Кел мага! Ошол жерден ылдамда, ошол жерден жай бас, көзүңө кара, фура өтүп баратканда аба толкуну уруп кетпесин...»
Мен күлдүм. Семен жөтөлдү.
— Эмне, иничек, — деп сурадым мен, — бакалооруң кургап калыптырбы?
— Эч нерсе эмес, — деп жооп берди Макаров. — Мурундун ичин деңиз суусу менен чайкоо, пайдалуу.
— Биз Капри аралындабыз, — дедим. — Бул жерде баары пайдалуу. Суу, аба, жыттар. Атүгүл, таштар да.
— Таштар, ооба, — деди Семён. — Таштар абдан реалдуу. Бул таштын сол жагына барсаң, анын артында экинчиси бар, кичирээк болот — ал төрт бурчтуу, аны кармалап, жолуңду улант. Толкун урганда, далыңды ошол биринчи ташка жабыштыр, анын бети тегиз. Болгону желкеңди абайла. Анан өзүңдү бош карма да, эс ал.
— Мага эс алууну үйрөтпө. Мен болбосом, сен азыр кеңседе эритме кофени үйлөп отурмаксың.
— Ооба, — деди Семён көңүлдүү. — Биз муну жакшы ойлоп таптык.
— Муну биз «бошонуу» деп атайлык.
— Туура, — деп макул болду Семён. — Боштондукка чыктык! Сен түшөсүңбү?
Ай алсыз жарык чачса да, анын титиреп жатканы көрүнүп турду.
— Суук, — дедим.
— Өзүң кыйкырбадың беле: жүр, сууга түшөбүз, таштар, түн, жылдыздар... Бас түш. Эч шашпа. Эсиңде болсун, ал сени түртүп эле тим болбойт, өзү менен кошо сүйрөп да кетет.
— Толкунбу?
— Ооба.
— Тим эле аял жөнүндө айтып жаткансып.
Семён аялдар жөнүндө бир нерсе деп жооп берди, мен аны уккан жокмун.
Таштар бардык жерде эмес окшойт. Суу жээкте кол менен жасалган аянтча бар экен: бетондолгон, таздын башындай тегиз жылтырайт, ар кай жеринде окшош тешиктер, жайында аларга чатырларды, же жеңил тенттердин саптарын сайышса керек, анан бул жерде ортодон жогорку класстагы европалыктар күнгө күйүп жатышат, пайдалуу ультрафиолеттен ыракат алышат.
Мен турсичен калдым. Ойлондум да, аны да чечтим. Түнкү киринүү жылаңач болууга чакырат.
Суу куйкалайт. Спиртке чөмүлгөндөй сезим пайда болду. Буркураган жыттуу, капкара спирт мени туш тарабымдан курчады, дөңсөөлөр пайда болуп, кыймылга келип, тоголонуп, жарылып, чачырап, мени алып кетүүгө аракет кылды, атургай, мени жыга сүзүп, оодарып, уруп өлтүрчүдөй, мен тытылган кош колум менен таштын урчугуна жабыштым.
Ырдадым:
Жети саат учсам —түштүктөмүн!
Мен жылуу жакка, деңизге кетем!
Аска ташка чыгам, деңизге сүңгүп кирем,
Анан мен сөзсүз түндүккө кайтып келем!
Кайнап жаткан спирт ырайымсыз экен. Суу өркөчү артка тартылганда, рифтердин чокулары майлуу кара беттин үстүндө бардык жерде көрүнүп турду. Үч мүнөт мурун мен мыктысынып кандайдыр бирдемени ойлогом, жээктен алыстап, толкун менен сүзүп кетейин дегем — бетпак эски доско, мурдунан түтүн арылбаган Семёнго мүмкүн эмес нерсенин мүмкүн экенин далилдегим келген; эски досумдун айтканы туура экенин эми түшүндүм. Бул жерде гранит бурчтарга таянып, табияттын кайдыгерлигине суктанып отурса гана болот экен.
Учурдан пайдаланып суудан чыгууга далалат кылдым, кийинки толкун артыман кууп жетип келгенде, жөн эле чыкпастан, аткан октой качыш керектигин түшүндүм. Куйругумду кысып, далбастап качып бир чыканагымды сыйрып алдым.
Семён болсо кийинип алып, шамалга кызыл учкундарды учуруп коюп, тамеки чегип отурган экен.
— Ушул ырды мен да эстедим, — деп кыйкырды ал. — «Мен түндүктө жашайм! Мен сейнерде иштейм!»
— Түш сууга дагы!
— Жок, — деди Семен. — Суук. Гидрокостюм алсак болмок.
— Дагы эмне? Бул жер кургак учук, астма менен ооругандардын жана бай карыялардын аралы. Мында гидрокостюмдар колдонулбайт. Бул жерде ак шым жана каноэ колдонулат.
— Анда ак шым алыш керек эле.
— Жок, — дедим мен. — Идея боюнча: кандай кийинсек, ошол бойдон жөнөмөй болчу.
— Абдан туура кылдык, — деди Семён. — Мен ыраазымын. Анан, бул жер чындап эле бейишпи?
— Ошентип жазылган, — деп жооп бердим, мен сууктан калчылдай баштадым, бирок буга капа болгон жокмун жана маанайым чөккөн жок.
— Эгер бул жер бейиш болсо, — деди Семён, — анда мен тамекинин калдыгын кайда ыргытам?
— Тамекинин сырткы целлофанын ал да, ошого ороп, чөнтөккө сал, — деп кеңеш бердим.
— Ага, — деди Семён. — Туура, ошентем.
Сол тарапта жарым чакырым аралыкта суудан он кабаттуу имараттан бийик жылаңач аска чыгып турду, оң жагында ай нуру төшөлгөн жол жатты: аны менен түптүз батышты көздөй сүзө берсең Гибралтарга, ал тургай андан ары — Кариб аралдарына жана Бразилияга жетсе болот. Эч кандай тоскоолдуктар, чек аралар, өйдө-ылдыйлар, кесилиштер, көп кабаттуу эстакадалар, жума күнкү кызуу кыймыл жана кышкы тайгалактар жок — бир гана суу, башка эч нерсе жок; бул ушунчалык жөнөкөй болгондуктан, акыл-эс жалпыланган түз жол идеясына ишенүүдөн баш тартты.
Бирок жаш курагың бешинчи он жылдыктан өткөндө аң-сезимге ишенбегениң оң. Ички туюмга, сезимге таян. Каалооңо ишен. Каалайсыңбы — сүз. Кааладыңбы — билет сатып алып, деңизге, балыкчылар менен художниктердин кут даарыган жерине учуп кел.
— Жакшы, — деди Макаров. — Эмне? Бакалооруң жыргадыбы?
— Ооба.
— Анда кетели.
Өйдө басуудан мен бир аз жылыдым.
Жакшы темп менен биз иезуиттердин монастырынан өттүк, бир дагы тирүү жанга жолукпадык, айылдын теннис кортунан бир аз чоңураак келген башкы аянтка чыктык. Көчөлөрүнүн туурасы бир жарым метрдей, жаракага окшогон көчөлөр менен эски кварталга тереңирээк кирдик. Астыда бараткан Семён токтоду.
— Жымжырт, — деди ал. — Мага жагат.
Салкын тарткан дубалга аркабызды сүйөп турдук.
— Кинозалга окшош, — деди Макаров акырын. — Ушундай жымжырт... Ар ким өз ордун ээлеп, жарыктар өчүп, кире бериштеги пардаларды тартып салганда. Экран күйгүзүлө электе. Тыптынч, караңгы, баары күтүп отурушат... Чыдамдуулук менен. Ал эми мен жети жаштамын, өзгөчө чыдамсыздык менен күтүп отурам, тиштерим шакылдайт. Азыр мага «Адам-амфибияны» көрсөтүшөт. Ихтиандр так ушундай көчөлөр менен чуркап жөнөйт... Анын артынан кара ниет адам келет. Педро Зурита. Жеткен чочко жана жеткен мыкаачы. Мына-мына жетейин деп калды, бирок Ихтиандр — хоп! — аскадан деңизге! Сүңгүп кетти, эр болсоң кууп жет...
Биз тоонун кырына чыкканда аралдын эки капталын тең көрдүк: чыгыш тарабында жергиликтүүлөр жашайт, батыш тарабында толугу менен тыгыз жайгашкан кымбат мейманканалар курулган — бул жагында чырактар көп жана өтө жарык экен.
Жол кеңейип, тордолгон дарбазага алып барды. Семён кулпуну жулкуду — темир муңкана кыйчылдады.
Макаров мурдун тартты, темир торду бекем кармап, чечкиндүүлүк менен көтөрүлө баштады.
— Бул жерде кароолчу болсочу? — Мен ылдый жактан сурадым.
— Биз ага акча беребиз.
— Албай койсочу? Полицияны чакырса?
— Чынын айтабыз. Биз орусиялык туристтербиз. Жумуш күнү жуманын ортосунда күтүлбөгөн жерден деңизде аябай сүзгүбүз келди. Деңизде эле эмес, Европадагы эң маданий жерде. Ал эми сууга түшкөндөн кийин, албетте, император Тиберийдин вилласынан кыйгач өтүүгө болбойт. Италиянын урандылары — дүйнөлүк бренд! Италиянын футболундай! Италиянын таштандыларындай! Учуп келсек — жабык. Ыйлагың келет... Ушинтип айтабыз.
— Байкебай, кечирип коюңуз, биз экинчи мындай кылбайбыз!
Семён ыргып түшүп, колун шымына сүртүп, калың темир тордун ары жагынан жылмайып койду.
— Биз эмес, алар: «Кечиргиле, байкелер!» деп айтышы керек. Себеби биз, чындыгында, байкелербиз. Чоң кишилер. А биз чындап эле урандыларды көргөнү учуп келдик. А биз, көрмөйүнчө кетпейбиз. Анткени биз туристпиз. Өзүбүздү татыктуу алып жүрөбүз, тамекинин калдыктарын ыргытпай, баштыкка ороп чөнтөккө салабыз. Биз чындап эле акча коротуп, жылуу, меймандос Италия тууралуу эскерүүнү суук Россияга алып кетүүнү каалайбыз... Чык эми. Бул жерде кароолчу жок.
Мен дарбазага чыга баштадым, Макаров тегерегине көз чаптырууну уланта берди:
— Ошентип суук кыштын ызгаарында, Кызыл аянттын чок ортосундагы кар күрткүсүндө тоңуп калсам, ачыккан аюу мага тиш салып, эски сөөктөрүмдү кемире баштаганда мен ойлоном: «Жашоо текке кеткен жок! Мен Капри аралын көрдүм! Мен Тиберийдин арбагы менен сүйлөштүм! Мен жапайы орусмун, бирок менин бакалоорлорум италиялык деңиз менен дем алды! Ата-бабаларым бирин-бири жыгач союл менен өлтүрүп жүргөндө, бул жерде демократия, почта, түтүк менен аккан суу бар эле!» Эгер мени камап салышса ушинтип айтам.
Килейген көп кабаттуу урандылар карайып, жымжырттыкта үңүрөйүп турду. Аларды кайтарган эч ким жок жана жарык коюлбаптыр. Орто Жердин түндүк тарабындагы бардык жер сыяктуу, эчкинин кургак кыгы жыттанып турду.
— Мен эч нерсе сезген жокмун, — дедим.
— Эки миң жыл, — деп жооп берди Семен. — Бул жерде анын бир дагы молекуласы калган жок.
— Мүмкүн эмес. Тиберий дүйнөнү башкарган. Ал Понтий Пилатка буйрук берген. Калигула анын асырап алган уулу болгон. Издөө керек.
— Издейбиз, — деди Семён.
— Эч кандай тамеки тартпа. Рухтар тамекинин түтүнүн жактырбайт.
— Макул, сен айткандай болот. Бирок унутпа, жакында таң атат.
— Бул биздин пайдабызга. Таң алдындагы убакыт — эң купуялуу убакыт. Карышкыр менен иттин ортосундагы абал.
Семён жупуну өтө сезгичтикке, экстрасенсордук кабылдоого, үңкүр-маңкүрлөргө ишенбейт — көлөкөлөр дүйнөсү ага өтө жөнөкөй жомоктой көрүнөт, бирок азыр ойлоно түшүп, анан минтип кобуранды:
— Менимче, арбак жертөлөдө жашаса керек. Ылдыйкы кабатта.
— Кайдан? Төмөнкү кабатта чарбаканалар болсо керек. Кампалар, аткана ж. б. Мен үстүңкү кабатта жашаганды каалайт элем.
Жакабызды көтөрүп, үңүрөйгөн таш лабиринтти дагы бир жолу кыдырып чыктык. Мен бардык бурчтарда, коңулдарда, көп кабаттуу чайыр менен капталган караңгы оюктарда, үч бурчтуу камераларда отурдум, бул камераларда жаш балдар күтүшкөн, аларга императордун ышкысы күчтүү болгон. Бирок мен эч нерсе сезген жокмун. Бир аз жеңил гана термелүү калгансыйт, издери алсыз, же издердин издери гана бар окшойт — бирок алар Тиберийдин өзүнүкү эмес, бул дубалдарды курган, көлмөлөрдү сууга толтурган жана жыпар жыттуу зат түтөтөткөн кулдардыкы. Бийлик жасаган ишке караганда устаттын аракеттери эч качан жоголбойт.
Мен Семёнду эң үстүнөн, айланага көз салуучу аянттан таптым: ал улам отуруп-туруп колдорун булгалап, жылынууга аракет кылып жаткан экен.
— Термос ала келсек болмок.
— Келишим: салт жөнөмөй болчу. Биз керектүү нерселерди гана алганбыз. Андыктан кечке чейин чыда.
Чыгышта Неаполь шаарынын чырактары чачкан жарыктар чубалып көрүнөт.
Кечээ биз Санта-Лючиянын жээк бойлогон көчөсүн кыдырдык, бирок анча таасир эткен жок. Неаполь жолбун иттери эски мотороллерге жана эски мотороллеру жолбун иттерге окшош шаар болуп чыкты. Капри аралы Неаполго караганда тыкан жана көркөм экен. Аралдын жашоочулары неаполиттиктерге караганда сабырдуу жана сыпайыраак. Тиберий сарайынын урандылары Сан-Эльмо чебине караганда үңүрөйөт жана сырдуу.
Императордун вилласынын үстүңкү, алтынчы кабатында динге берилген католиктер Мария Кыздын чакан чиркөөсүн жана айкелин тургузушкан. Мемориал тактада бардыгы Иоанн Павел Экинчинин батасы менен жасалганы айтылган.
— Тапкан жоксуңбу? — деп сурады Семен.
— Жок.
— Чымырканба. Эгер мен Тиберийдин арбагы болсом, мурдумду да бул жерге тыкмак эмесмин. Ойлонсоң: Мен Ыйсаны өлтүрдүм, эки миң жыл өттү, адамдар менин үйүмдүн чатырына эстелик коюшту! Ыйсанын өзүнө эмес, анын апасына!
— Тиберий Ыйсаны өлтүргөн эмес.
— Жок, — Семен сабырдуулук менен каршылык көрсөттү. — Ал түздөн-түз күнөөлүү. Ал Ыйсаны өлтүргөн системаны башкарган. Тиберийдин тушунда Рим империясы чексиз гүлдөгөн деп өзүң айткансың. Ошондуктан — тептим мен аны. Жана анын арбагын дагы. Тарых бул аңгини өчүрдү. Карачы, таң ата баштады.
Айланабызда канаттуулар ойгонуп, сайрай баштады.
Горизонт сызыгын булут жаап, Семён экөөбүз алгачкы нурду көрө албадык.
Адегенде жылдыздар жоголуп, кетүүгө убакыт келди, мына-мына, азыр жергиликтүү кожоюн пайда болот дегенсип биринин артынан бири жок болду; анан көлөкөлөр көгүш түскө айланды; акырында кожоюн өзү ылдыйдан бүт күчү менен сокку урду, булуттарды кызгылт алтынга боёду, алардан ашып, өйдө карай жылды; чардактар кургактагы туугандары менен чогуу көңүлдүү кыйкыра баштады, бирок деңиз канаттууларынын материкте жашагандардан айырмаланып үндөрү жоон жана орой угулат. Кубарган ай сахна артына шашып жөнөдү. Ультрамарин көздү жумгузду, мен Семёнду да, бакалоорлорду да унуттум, албетте, дал ушул учурда, чакырылбаган коноктор алаксып турганда, Тиберийдин арбагы да күн батканга чейин жашынуу үчүн кайып болду. Өлгөн тирандардын арбактары тирүүчүлүктүн ызы-чуусун жактырбайт.
Түндүк жактан жаңы, тыгыз, цинкке окшогон боз булут каптап кирди, бирок ал да процессти көркүнө келтирип, алтын жарыкты жумшак күмүшкө айлантты, а тешиктерден баалуу жаркырактар куюлуп төгүлө берди.
— Алар муну күн сайын көрүшөт, — деди Семён акырын.
— Кызганып атасыңбы?
Макаров сыймыктануу менен күлүп жиберди.
— Жок. Бейиш тургундарына көрө албастык кылуу — акылсыздык. Алардын бакалоорлору жакшы. Ал эми биз — кургак жердин жандыктарыбыз. Биздин бакалоорлор дайыма сезгенип турат. Деңиз тууралуу кыялдар ар дайым биз менен. Көмүскөдө, аң-сезимде отурат. Шаарды кыдырып чуркайбыз, автоунаанын ышын жыттайбыз, киркирейбиз... Дубалга пальма дарактары тартылган сүрөттөрдү илип коёбуз... Ал эми бул жакка келгенибизде бакалоорлор желбиреп турат. Башкача айтканда, биз үчүн бул эбегейсиз чоң кубаныч, а буларда андай эмоция жок.
— Биз эмне, иттей жаман шаардан келдикпи?
Семён бир аздан кийин гана жооп берди: артка кайтып келатканда.
Дарбазадан ашкан жокпуз, тосмонун капталынан тешик табылды.
— Москва иттей эмес, — деди Семён. — Ал бул категориядан тышкары.
Эми булуттар көк асмандын чыгыш жарымын бүт каптап, бир гана боштук калтырды — ал жерден алтын жалындын кынтыксыз түптүз мамысы суу бетине сайылып турду.
— Фотоаппаратты алсак болмок, — дедим.
— Жок, — деп жооп берди Макаров. — Келишим: эң керектүү нерселерди гана.
Шаарча ойгонду. Бүткүл дүйнөгө белгилүү, сүрөтчүлөр тарабынан түбөлүк калтырылган узун италиялык көлөкөлөр сыя түстө, капкатуу болуп, бурчтар менен карниздердин ортосунда жатты. Тосмолордун артынан тиричиликке тиешелүү үндөр чыкты. Энелер балдарды мектепке шашылууга үндөп, жаштар мотороллерду от алдырып, жашылча сатуучулар лимон салынган жащиктерин алып чыгышты.
Аянт жанданып, эки кафе ачылып, бармен бардык бармендердей эле көңүлүн кунт коё бизге буруп, эки дабл-эспрессону тосмонун үстүнөн сыйгалата ыргытты: «Prego, signori!» — биз жооп кылып каткырып күлдүк, ал түшүндү.
Кофе менен кычкылтектен башым айланып кетти. Үстөлгө отуруп, чыканакты ак дасторконго таядым. Досума карап сурадым:
— Ушуну менен болдубу?
— Ооба, — деди Макаров. Түшүндү дароо. — Бүттү, байкеси. Учуп келдик, нымдуу котур таштарга буту-колду сыйрыттык, урандыларды араладык — эми үйгө кайттык.
— Өтө жөнөкөй! — Мен коозутуучу уунун эки эселенген дозасынан жана бейиштин жөнөкөй идеясынан толкундап кыйкырып жибердим. — Мен бир укмуштуу окуя болот деп ойлогом. Капри аралына караганда Богород районундагы менин дачама жетүү кыйыныраак.
— Дүйнө кичирейип кетти, — деп жооп берди Семён.
— Же биз чоңоюп кеттик.
— Көңүлүң калдыбы?
— Мен бактылуумун.
— Мен да, — деп жооп берди Семён, анан олуттуу түрдө сунуш кылды: — Кел, аялдарыбызга баары жакшы болду деп айталы. Деңиз жылуу жана жумшак. Тиберийдин арбагы ордунда. Дубалдагы тешиктен чыгып, бизге болгонун болгондой айтып берди. Ал Ыйсаны өлтүргөн эмес, балдар менен жаткан эмес, тарыхчылар калп айтышкан...
— Менимче, аялдарга баары бир, — дедим. — Алар дале эс-мас абалда.
— Эч нерсе эмес, — деп бейкапар жооп берди Макаров. — Бул пайдалуу эс-мастык. Мен ага дароо айттым: «Мен эң керектүүсүн гана алам. Башкача айтканда, сени жана акчаны». Аялым жыйырма мүнөттө даяр болду.
— Меники он беш мүнөттө, — дедим.
Мен бөлмөгө кирсем, аялым дагы эле уктап жаткан экен.
Ойгонгон жок. Аялдарын ойготкон эркектер үчүн тозокто өзгөчө орун бар.
Уктап жатканда ал бейпилдиктин образындай көрүндү. Эс алуу абалында анын эриндери, жаактары, кабактары мрамор сыяктуу.
«Ушунчалык сулуу мен үчүн»,— деп жүзүнчү жолу ойлондум.
Жубайымдын Москвадагы батиринин ашканасында көпкө дейре анын көзүн жумуп, түш көргөн абалындагы чоң сүрөтү илинип турган; сүрөттү, албетте, менден мурдагылардын бири тарткандыр, мен андан ким тартканын тактап сураган жокмун.
Уйку анын көптөгөн ишенимдүү диндеринин бири.
Кийинчерээк, татаал импульска баш ийип, ал дубалдан уктап түшкөн сүрөтүн алып салган. Эмне үчүн деп сураган жокмун. Мен табышмакты өз алдынча чечкенден ыракат алам.
Душтан чыкканда ал эки жаздыкты артына коюп, дептерге калемсабы менен көргөн түшүн жазып отуруптур.
— Деңизге түштүңбү? — деп сурады башын көтөрбөй.
— Жок, — дедим. — Деңиз албууттанат. Суук. Таштар толтура. Бир аз жээкте отурдук да, урандыларга бардык.
— Тиберийдин арбагын кармадыңбы?
Балкондун эшигин ачып, деңиздин жана лимон дарагындагы жалбырактардын буулануусунан пайда болгон шүүдүрүм жыттарды киргиздим.
— Бир нерсе болгонсуду. Алсыз, кыска. Балким ошол жерде түнөш керек беле. Бардык деңгээлден өткөндө. Күндүн батышын, анан түн жарымын, таң алдындагы караңгылыкты жана күндүн чыгышын. Арбактар сабырдууларды жакшы көрөт.
Ал жооп берген жок, жазууларына терең сүңгүп кетти. Бир жарым жыл бою мен анын бир эле учурда бир нече катмарда жашаганына көнө албадым: ал реалдуу, жарым реалдуу жана таптакыр реалдуу эмес катмарларга бирдей сиңет, бир деңгээлден экинчи деңгээлге заматта өтөт.
Көп жылдар бою мындай аялдар менен жашоо мүмкүн эмес экенине ишенчүмүн, анан эле капысынан жаңылганымды билдим.
Ал инкунабуласын тарс жаап, мага мыскылдуу көздөрү менен карады.
— Сен азыр: «Мен кандай өзгөчө адаммын! Баары уктап жатышат — а мен эбак эле бутума турдум... бүт аралды айланып чыктым... Мен таңды тирандын сарайынын урандыларында тостум...» — деп ойлонуп жаткандырсың.
— Мүмкүн, — деп жооп бердим. — Балким элдин баары, канчасы болсо да, жупуну түрдө алдыңкы жана алдыңкы эмес болуп бөлүнсө, мен, балким, баары бир алдыңкы катмарга кирсем керек...
Ал күлүп, толкунда сүзгөндөй кайра жуурканга чумкуду, кыязы, дагы бир аз уктайын деген го, анан эле жар салды:
— Мына! Бул сенин катаң. Сен үңкүр адамысың. Олдскул-мен. Эгер сен өнүккөн болсоң, анда өзүңчө. Үңкүр жолу менен. Жапайы адам тешиктен чыгып, бир-эки понт көрсөттү — кайра эле тешикке кирип кетти! Сыймыктанып отуруп калды. Мына менин мыктылыгым! Мына менин күчтүүлүгүм! Каалады — далбастап, кышкы курткасы менен Италияга учуп кетти! Чалчы — бүгүн сенин кезегиң, эртең мененки тамакка буйрутма бер.
— Билесиңби, — дедим мен, — Тиберий жаш кезинде император Август ага ажырашууга буйрук берет. Экинчи никеге кызы Юлияны берет. Кийин экинчи аялы менен да ажырашып кетет. Айтмакчы, Тиберий Армения менен Польшаны басып алган, бирок андан кийин бийлигин таштап, Римден Грецияга кеткен. Юлияны өзү менен алып кеткен эмес.
— Ал аны сүйгөн эмеспи?
— Ал Агриппинаны сагынып жүргөн. Бир жолу аны кокустан жолуктурду жана ал аны ушундай карады, Август ошол замат аялга Римден кетүүгө буйрук берди...
— Антсе эмне болот эле?
—Август дүйнө калкынын жарымын көзөмөлдөп турган. Ошондой эле башка адамдардын көз карашын түшүнүүгө убакыт тапкан! Бул адамзат тарыхындагы эркектин аялга болгон эң белгилүү көз карашы болсо керек.
— Өзгөчө эч нерсе жок, — деди аял. — Аны кайсы бир тарыхчы жазган да?
— Светоний.
— Ооба, ал аны кызыктуу кылышы керек эле. Ошондой китепти жалаң кургатылган окумуштуулар гана эмес, карапайым эл да окусун. Аялдар да. Ошентип, ал даңктуу эрдиктер тууралуу аңгемелердин арасына жүрөктү сыздаткан уламышты киргизген...
— Тиберий, — деп каршы болдум мен, — даңктуу эрдиктерди жасаган жок. Ал түнт жана сарамжалдуу адам болгон. Мыкты чарбакөй.
— Ошондуктан аны жакшы көрөсүң. Сен да ошондойсуң. Күчтүү жана сарамжалдуу. Чал эми. Сен тамак жешиң керек.
Кофени балкондо ичтим.
Бир сааттан кийин бөлмөнү бошотуп, төрт сааттан кийин учакка отурабыз.
Мен өпкөм, бакалоорлорум, бүткүл терим аркылуу дем алдым. Ал тургай, көз аркылуу да. Аба керемет. Москвада мындай жок.




