Бал аары канат какканда...
* * *
Бал аары канат какканда
Толтурат жазды добушка.
Кыздардын ою асманда,
Балдардын ою согушта.
Жер шары бизге ачылды,
Эл дагы агат шашылган.
Айнекке жазам атыңды,
Уланат сүйүү атыңдан.
Жүз жашты бекем кармагын,
Көзүңдө түш бар жүздөгөн.
Карааның мага арнагын,
Унуттур сөздү издеген.
Бакчада аары көбөйүп,
Жаңылык күтүп турганы.
Өзүңдү уурдайм түбөлүк
Кумардан жулуп мурдагы.
Аз болуп бизде капалык,
Учканда канат кагыла,
Сезесиң: жакшы жашадык,
Жашайбыз жакшы дагы да.




