Токойдо

Токойдо кумурсканын чо-оң уюгу алдында жашоосуна кызыгып, жакындан көз салдым да. Өлкө болуп өзүнчө, уялаштай окшош өңдөрү, бир диндеги элдей билинип. Аларда бай, кедей жок, бардыгы бирдей кийинип. Ооруну да, кырсыкты биргелешип жеңишет. Тукумуна кам көрүп, жапырт иштеп келишет... Мээнеткеч деп талыкпас кыялга таза тунупмун, өзүм деле кумурскадай кечээ кандай буюктум, короз-сааттан ойгонуп, күндөгү таңкы боткону шаша-буша бурдаганым кантип деги унуттум. Өз уюгум жан кашайтып, ашыкчумун заводго. Кумурскага көз артып, адам өзүн жоготсо — динозаврлар жоголгонго барабар үрөй учкан нерсе болот го.