айтчы дагы
айтчы мага бул топ жылдыз кайдагы
көз чакмактап ачуу жашты жуткансың
анын жыты каптайт бакча алманы
а болбосо жылдыз кантип жыттансын
аларды ким жерге ыргытып жүдөттү
шоола ыры канатсын деп жүрөктү
айтам сага жылдызданган түшүңдү
талаа бакта нур сызылып акса улам
жаздын гүлү деп бирөөлөр түшүндү
кышта деле жанат кардын астынан
бул жөн эле курулай даңк үчүнбү
жерди сүйүп жаша деген бүтүмбү
айтсаң эми таажысыбы боз чаңдан
эмне гүлдөр көктө жанган жымыңдап
коркпой үркпөй баталгаңдан балтаңдан
тамшандырат дайым таттуу ыр ырдап
аларды ким тээ бийикке чыгарган
сүйгөн жандай жүрөк канга чыланган
мен айтайын таажысында зоболо
ал перилер шамалдагы желектей
дирилдешет учуп жашап ободо
асманда куш жерде балык элестей
ырдайт жыргайт көккө сиңип кеткенге
биз суктанып жерден таазим эткенге
айтчы дагы суудай таза кооз анан
эмне куштар перилерби топтолгон
үнү бактек жүзү нурдуу розадан
көпөлөк-жан айлангыдай от болгон
өлбөй жаша көзүң менен жүзүн өөп
жүрөк канап көк бариктей үзүлөт
мен айтайын перилерди жердеги
муңдуу ырдап сууга келген күүгүмдө
сүйүктүү жар болуп бизге бергени
узак күнүң кыска болуп түнүндө
бейиш бирок кучагында алардын
сүйүп-күйүп анан дүйнө салаармын
айтчы анда жалгаштырбай жалганга
болчу нерсе болду неге ушундай
гүлдөр гүлдөп куштар сайрап таң заарда
жаркы десе Күн да көнгөн кутулбай
кыздар сууга келет балдар төрөлүп
мен жокмун го калдым беле мен өлүп
тобо дегин маркум батпайт санаага
күндү көрбөй жүргөндү түн тоорубайт
эне ыйлабайт төрөлбөгөн балага
ачылбаган гүл эзели соолубайт
куш кулабайт көктө учпаса сабалап
жүрөгүң жок болсо кайдан канамак
көз чакмактап ачуу жашты жуткансың
анын жыты каптайт бакча алманы
а болбосо жылдыз кантип жыттансын
аларды ким жерге ыргытып жүдөттү
шоола ыры канатсын деп жүрөктү
айтам сага жылдызданган түшүңдү
талаа бакта нур сызылып акса улам
жаздын гүлү деп бирөөлөр түшүндү
кышта деле жанат кардын астынан
бул жөн эле курулай даңк үчүнбү
жерди сүйүп жаша деген бүтүмбү
айтсаң эми таажысыбы боз чаңдан
эмне гүлдөр көктө жанган жымыңдап
коркпой үркпөй баталгаңдан балтаңдан
тамшандырат дайым таттуу ыр ырдап
аларды ким тээ бийикке чыгарган
сүйгөн жандай жүрөк канга чыланган
мен айтайын таажысында зоболо
ал перилер шамалдагы желектей
дирилдешет учуп жашап ободо
асманда куш жерде балык элестей
ырдайт жыргайт көккө сиңип кеткенге
биз суктанып жерден таазим эткенге
айтчы дагы суудай таза кооз анан
эмне куштар перилерби топтолгон
үнү бактек жүзү нурдуу розадан
көпөлөк-жан айлангыдай от болгон
өлбөй жаша көзүң менен жүзүн өөп
жүрөк канап көк бариктей үзүлөт
мен айтайын перилерди жердеги
муңдуу ырдап сууга келген күүгүмдө
сүйүктүү жар болуп бизге бергени
узак күнүң кыска болуп түнүндө
бейиш бирок кучагында алардын
сүйүп-күйүп анан дүйнө салаармын
айтчы анда жалгаштырбай жалганга
болчу нерсе болду неге ушундай
гүлдөр гүлдөп куштар сайрап таң заарда
жаркы десе Күн да көнгөн кутулбай
кыздар сууга келет балдар төрөлүп
мен жокмун го калдым беле мен өлүп
тобо дегин маркум батпайт санаага
күндү көрбөй жүргөндү түн тоорубайт
эне ыйлабайт төрөлбөгөн балага
ачылбаган гүл эзели соолубайт
куш кулабайт көктө учпаса сабалап
жүрөгүң жок болсо кайдан канамак




