Даам эмес, курсак тойгонун...

* * *

Даам эмес, курсак тойгонун,
Француз айтып ойлорун,
төрт кылым тынбай какыйып,
жаланып эрдин келет-эй!
Кур акыл кимге керек-эй,
ач адам турса акыйып!

Жарытпай берген тамак-аш
кең пейил элге жарабас,
толтура көжө, керек щи:
курулдап курсак турбасын,
сулуулук ойду нурдасын,
тойгонуң — бакыт эмеспи!

Алдырбай сөздөн, өнөрдөн,
артылат улам көрөңгөң,
ач курсак турса тоюп тың:
боркулдап меште ырыскы,
үстөлгө таштап кылычты,
Музасы артык орустун!