Көрсөң карап: асман деген асмандай...

* * * Көрсөң карап: асман деген асмандай, көгөргөн бир муз өңдөнөт түбү жок. Асман сага жайылган жок тасмалдай, анда-санда барып жүрдүң а бирок: самолетто же катуу дарт басканда, көңүлдү да көкөлөткөн ыр менен... Бала кезде далай учтук асманга, эми болсо — кыял эмес, чын белем: Боингди да шак токтотуп берендей, эркин-эмин сүзгөнүңө жол кенен, улам терең кеттиң Мартин Идендей, өзгөлөргө көрүнбөгөн дың менен.