Жерде көпкө жаттың бекер, пайдасыз...

* * * Жерде көпкө жаттың бекер, пайдасыз, сааты чыгып, келди акыры кезегиң: ойгонуп да, оор башыңды көтөрүп, катып калган кыр аркаңды түзөдүң, омуртка сөөк чагылгандай чатырап, күндүн катуу күркүрөгү баш жарды, көкөлөгөн ай-асманың селт этип, мөндүр төктү бадыратып таштарды, сүйрү, учтуу тамчыларга айланып, дандан бетер кара жерге себилет: эңсегендей көк чөп болуп чыгабы, шуулдап же токой болуп керилет, балким, өсөт жаш чырпыктай — баары бир, ансыз деле пайдасыз жөн көп жаттың, бирок эми көз ачылып мынакей, көптөн күткөн күнгө жетип учкаштың, кымкуут түшкөн кылымыңдан жипкирбей, жакшы беле ойгонбой сулк жатканың, кантип болсун караңгыда карайлап, одур-бодур жолдо кыбыр басканың, кез-кез мүргүп, шаттаныша күлүшөт: «Баары жакшы, баракелде!» деп кайра, ошон үчүн сенин анык атыңды билбей туруп, атап келет: сөз — дайра.