Шамалдуу күнү

Канча досту, балдарды, чер жазышкан «тууганды» эч убакта жолуктурбайм эми мен. Шамалдуу күнгө карабай, ойго батып турамбы ак жал толкун кайнаганын карап дайра жээгинен. Эске салам: эстеликтей тигил эмен — кучак бак, түбөлүктөп атыбызды жазган элек бычактап. Жакын барсам, айыккан дарак жарааты, менменсинген жазууларды карачы. Капыстан мен түшүндүм: умтулбадык даңкка жетем деп, куулугу жок бул жазуулар достукту турат бекемдеп. ...А толкуну дайранын талыкпастай көрүнүп, сүргүдөн чыккан сүрүндүдөй түрмөктөлөт көбүрүп.