Шамалдуу күнү
Канча досту, балдарды, чер жазышкан «тууганды»
эч убакта жолуктурбайм эми мен.
Шамалдуу күнгө карабай, ойго батып турамбы
ак жал толкун кайнаганын карап дайра жээгинен.
Эске салам: эстеликтей тигил эмен — кучак бак,
түбөлүктөп атыбызды жазган элек бычактап.
Жакын барсам, айыккан дарак жарааты,
менменсинген жазууларды карачы.
Капыстан мен түшүндүм: умтулбадык даңкка жетем деп,
куулугу жок бул жазуулар достукту турат бекемдеп.
...А толкуну дайранын талыкпастай көрүнүп,
сүргүдөн чыккан сүрүндүдөй түрмөктөлөт көбүрүп.




