некрополь

номурлар эбактан мен чалбай калган
тизмеден эмнегедир өчүрүлбөй
тили жок сүйлөп турган санга айланган

бул жерде баардыгы тең опсуз тирүү
аларды цензура дейм кести кайдан
козу уйгак ромашкалар жоопсуз сүйүү

тана элек сүйгөндөрүм топтолуптур
кичикий электрондук мавзолейге
кнопкалар сенейсе да октолуп тур

маунтин-вьюда жарык жанып-күйөт
бирлерди нөлдөрдү да сактап сервер
жанымда көрүстөнүм дайым жүрөт

5616682 түбөлүккө ойгонбогон
4259673 дагы деле түшкө кирет
9883394 сөз бүтпөй да оңдолбогон