Көшүп баратканда көз көргөнү жомоктой...

* * *

Көшүп баратканда көз көргөнү жомоктой:
Сивучь аскасында эски маяк жылтылдап,
Муңдуу бир музыка көкүрөктө шолоктой,
Лосос булуңунда кеме сүзөт кылтылдап.
Кышта кымтыланган, тумчуланган жанды бу
Аяп муза боздойт айтып муңдуу баянды.
Жанып, кайра өчөт кызыл атчан таң нуру...
Көшүп баратканда көргөн түшүң аяндуу.
Кайда кача аласың? Жашап мынча түпкүрдө,
Шумдук кур кыялда чардап, чаңдап келем де.
Бамбук дүйнөсүнө арбап анан түш түндө,
Каптайт ит да, куш да, жин-пери тээ тереңде.
Арал, маяк, баары — белгисиби Кудайдын?
Балким, албууттанган деңизге жан өрүлүп,
Аркы дүйнөдө мен сапарымды улаймын
Тоодой кашалот же түлөн болуп көрүнүп?