Өткөн Совет доорундагы мезгилдей...

* * * Өткөн Совет доорундагы мезгилдей Сирень гүлдөйт бүгүн деле жаңырып. Өмүрүмдү бөлбөйм жаңы-эскидей, Жандап өтөм көлчүккө мен чагылып. «Мурдагыдан өзгөчө же башкача Жазасыңбы, — деп сураса: — мыкты, төп?» Жок, өзгөрбөй кала берем таптаза. Сирень гүлдөйт баягыдай кызгылт-көк.