Уйгак, чалкан, көкөмерен, бардыгы...
* * *
Уйгак, чалкан, көкөмерен, бардыгы
көккө умтулуп өйдө карай бой керет,
оңдоп үйүн чоң мажүрүм талдагы
сасык үпүп олтурууда ой термеп.
Көздү жумсам көрөм кайра, гүлдөрдүн
калч-калч эте таажы ачып жатканын,
мунарасын оймо-чийме жүлгүндүн,
сары кычы мойнуна крест такканын.
Өмүр агат ысык канда декилдеп
кан тамырда токтолбостон жүгүрүп,
ыргактарың уйкаш эмес сенин деп
а дарыя күлөт кашын үйүрүп.
Кумурскалар жээкти бойлой тызылдап,
бутактарды шамал үйлөп сындырат,
а ыргактар аары болуп ызылдап,
уйкаштыктар асман бетин жаңыртат.
Жалбыракка периште жууп канатын,
отту айланат жалгыз жетим көпөлөк,
тыңда, мына, күтүп жайдын аягын,
жыргал кечтер келет сага бөпөлөп.
Карагайлар — акырегиң өңдөнгөн,
суу бетине ийнелерин кулатып,
булак сөзүн тыңдайт тынбай сүйлөнгөн,
Волга суунун түзгөн күр-шар кубатын.




