Уйгак, чалкан, көкөмерен, бардыгы...

* * * Уйгак, чалкан, көкөмерен, бардыгы көккө умтулуп өйдө карай бой керет, оңдоп үйүн чоң мажүрүм талдагы сасык үпүп олтурууда ой термеп. Көздү жумсам көрөм кайра, гүлдөрдүн калч-калч эте таажы ачып жатканын, мунарасын оймо-чийме жүлгүндүн, сары кычы мойнуна крест такканын. Өмүр агат ысык канда декилдеп кан тамырда токтолбостон жүгүрүп, ыргактарың уйкаш эмес сенин деп а дарыя күлөт кашын үйүрүп. Кумурскалар жээкти бойлой тызылдап, бутактарды шамал үйлөп сындырат, а ыргактар аары болуп ызылдап, уйкаштыктар асман бетин жаңыртат. Жалбыракка периште жууп канатын, отту айланат жалгыз жетим көпөлөк, тыңда, мына, күтүп жайдын аягын, жыргал кечтер келет сага бөпөлөп. Карагайлар — акырегиң өңдөнгөн, суу бетине ийнелерин кулатып, булак сөзүн тыңдайт тынбай сүйлөнгөн, Волга суунун түзгөн күр-шар кубатын.