Бүгүн дүйнө жүзүндө
22-июнда сыймыктуу герман аскери
Катарын бузбай кылкылдап,
Өз жеринин бүтүндүгү
Таманында жылтылдап,
Басып кирди орус жерин тар кылып.
Кыйдыланып орус аскери, кылып жатты каршылык.
Эл аралык коом мында орустарды чакырат
кан төгүүнү токтоткун деп батыраак.
Кошмо Штаттар Президенти жарытпайт,
Орустарды баскынчы деп айыптайт.
Орустар эркин жаткан Сибирден Москвага
Аскер бөлүктөрүн тартты жана.
Москванын алдында немистер кызыл кыргын,
Сталинград алдында да кызыл кыргын.
Гаага соту Суворовду, Кутузовду бергин деп талап кылат.
Кызгылтым Украинага достук сапарга келген швед Карл
XIIнин
Сары изине чөп салат голландиялык Петр Биринчи.
Грузия Президенти сержант Кантарияга сүрдүү карап,
Рейхстагга жеңиш туусун сайганга тыюу салат.
Жарнама:
Батыштын асыл мүлкү. Чыгыштын шербети.
Адам укугу. Жубайлык милдети.
Европа коопсуздугу. Азия сасык тумоосу.
Австралия тургундары. Африка пилдери.