Дантени өркүндөтүп
Ал жерде болсом, эмне экен?
Юрий Левитанский
...палаталар салкын, түнт.
Лев Лосев
Аарылардай ызылдашып, кыжы-кыйма айланаң.
Арасына кошулам деп асыл ойду күтүнбө:
көзүңдү ачып, жүрөм десең кайда анан,
көз ирмемде өлгөнсүң сен. Түшүңдө.
Жолуң болду. А бирок, тизгиниң тарт, шерденбе.
Жолдуу, жолсуз — теңме-тең, күн-түн сыңар сезгиниң.
Өргүмө жай, эл суюлбайт бул жерде.
Күтүү залы, жок эч кандай мезгилиң.
Зарылдык жок ишенимге ар кандай,
жок коркунуч, кызганыч да, ичи тардык, уят да.
Каалаган бир каалганы ач кармалбай:
сүйгөндөрүң жолугат, эбак жүргөн быякта.
Ойлоп койсоң, ошол буюм табылгандай туюлат,
көпкө турбайт — утурумдук мунуң да.
Көчүп жүргөн булуттарга көңүл уюмак,
чөйрөң бүтүн дирилдеп — суудай агып кубулма.
Толгон үндөн — өзүң сүйгөн кайрыгыңды тандайсың,
көңүлүңдү куш кылат кармалбаган түшүңдөй.
Жыт гана жок, аны бирок капарыңа албайсың
сүйгөн жанга дүйнө түгөл бүтүндөй.
Анан калса, айтылган сөз, кеп-келеч
жердегиден алда канча ишенимдүү, кызыктуу.
Күүгүм турат дайыма — таңкы да эмес, кечки эмес.
Аба бирдей: унутасың муздакты да, ысыкты.
Бул жөн эле өргүмө деп байкайсың,
төрбү, көрбү күткөнүң — жайың кандай түбөлүк?
Агыл-төгүл берекеден бара-бара чарчайсың.
Ары жагы, бирок, азырынча бүдөмүк.