Өмүр эмес түшүмдө мен көргөнүм...
* * *
Өмүр эмес түшүмдө мен көргөнүм,
Ак кайыңдар асман.бетин жапкандай.
Бүткүл күнөөм менен жерде өнгөмүн,
Эртеңим да кунсуз болуп жаткандай.
Алаканым кургап алсыз көрүнгөн,
Сыйгалана барат чочуп тагдыр да.
Жөн эле бир кабык калат өлүмдөн,
Ошол бизге керек Пасха алдында.
Сүйүү эмне — өчүп улам, бук калат,
Бара-бара пайдасыздай туюлуп,
Кайыңдын да кабыгындай жыттанат,
Ак жүзүнөн шире гана чубуруп.
Көпкө карап поезд узап кеткенин,
Айрыла албай кыз жоолугу мыжылат.
Бу дүйнөнүн кокосу кылт эткенин
Билдик араң шыбырт үнүн биз улап.
Тэ-э алыскы жылдыз нуру өрүлүп,
Түмөн жылдап түшөт жерге биз өскөн.
Өмүр эмес түштө жүргөн көрүнүп,
Шаарлар кирет ак кайыңдар күзөткөн.
Кочушуңа коюу түндү уучтаткан
Эң жөнөкөй тагдыр миң бир кырдуу экен.
Түрмөдөн да, баштыктан да баш тартсаң,
Кыйын эмес, бирок сөзгө тур бекем.





