Жети дөңдө, токойдо көп...

* * * Жети дөңдө, токойдо көп өсөт жети жалбырактуу падыша-чөп, жети дөңдө, катуу жети шамалы — кыпкызыл чөптүн жалгыз жалбырагы, дагы бир жалбырагы — эрмен сындуу, асмандай көк, а бирок эмес ачуу. Үчүнчүсү каралжын, төртүнчүсү — ак, Периште конуп ырдаган ал жалбырак. Ат дүбүртү, ызы-чуу кошул-ташыл, бешинчиси чыккан болуп жапжашыл. А алтынчы жалбырагы — алтын бүчүр, жетинчиси — тирөөчүндөй кепенин одур-будур. Чөп үстүндө куш сайрайт күнү-түнү, алыш керек ал чөптү Иван күнү. Көк токойдо, дарыя куймасында, бир киши жашынууда чөп астында. Кабыргадан өнүп чыккан бул чөптү дешет анын жакшылыгынын бир бөлүгү. Тешпей көзөп анын бул жакшылыгын, абайлап бир жалбырагын кесип алгын. Жети дөңдө, катуу жети шамалда алгының ал адамды өз колуңа, үзүп ал көпкөк болгон жалбырагын, а демек, нак жүрөгүн сууруп алдың, жана аны көкүрөгүңдө көтөрүп тур, ыр жазгын, жана дагы бала туудур...