Вариация
Көнүккөн көз жакшыдай
көк асманда учканы,
болсом кана, аттиң-ай,
саятчы да, куш дагы,
чатырдагы мансардда бир уяда
таңкы үрүлдө карап турсам кубана:
бөлмөсүндө жалгыз жаткан алоо көйнөк периште
көшүлөбү көлдөгү аккуу таризде
лирикага толгон Парижде.
Үстөлдөрдү кафеден сыртка коюп жатабы
ар жыл сайын, албетте, символика катары:
круассан менен чөйчөккө тыйын жете турганы
ар бир эле мопассанга мындагы.
Биз, алгачкы чыйырчыктар, жайга учалы көздөгөн.
А саятчы мынакей, аязга каршы пикетте,
узатып бизди көз менен
киргизет Кызыл китепке.





