Вариация

Көнүккөн көз жакшыдай көк асманда учканы, болсом кана, аттиң-ай, саятчы да, куш дагы, чатырдагы мансардда бир уяда таңкы үрүлдө карап турсам кубана: бөлмөсүндө жалгыз жаткан алоо көйнөк периште көшүлөбү көлдөгү аккуу таризде лирикага толгон Парижде. Үстөлдөрдү кафеден сыртка коюп жатабы ар жыл сайын, албетте, символика катары: круассан менен чөйчөккө тыйын жете турганы ар бир эле мопассанга мындагы. Биз, алгачкы чыйырчыктар, жайга учалы көздөгөн. А саятчы мынакей, аязга каршы пикетте, узатып бизди көз менен киргизет Кызыл китепке.