Кышында Минусинскиде

Кайтып келгин сирендей кар өлкөгө, Көшүп жаткан мейкинде таң тосорсуң. Каражолтой Сперанскийди эскерип, Отур жыгач сөрүсүндө масондун. Күрөө тамыр дайра менен кайткының, Арак берип, сөзгө жайкап, бол ыкчам: Өркүндөсүн империя текебер, Чокундуруп ордолорду согушчан. Жылдызды жаап терезенин капкагы, Карагаттан муз чыпкалап бүлдүрбө. Калем тырмап, анжирди жаз бактагы, Аны тиккен айдалгандар сүргүнгө. Алдагандай ачык кызыл көрүнүп, Күмүш кыроо баскан сары жериңе Ээлик кылгын эски журтту таштабай, Үшүп калса, жылыткының демиңе. Кербез мастын башын жазып бергендей, Тонуң берип селсаякты сактап кал. Ким ушаткан — заара сасып күрткүлөр, Чайыр, шорго толсо дагы жаттап кал. Чет жакада карагайлар шамалга Ыргылышат бир жыргалга баткандай — Кудум эски нукта өскөн өспүрүм Радиого кулак төшөп жаткандай. Тигил жакта бүлүк салат ак бороон Таштандыга толгон күңүрт шаарыңа, Согуштарда утушу жок картаны Тоголоктоп кошот январь карына. Чоң казатка жүрүш кылган муздардан Херугвини март саймалап тез тигет, Ортосунда Пасха менен Сибирдин Үчүнчү күч жок экенин сездирет.