Жетимдик
Кепе бопбош. Шамал жортот жайма-жай.
Саргайыңкы сүрөттө: үй ээлери, тентеги да бүт мында.
Дат баскан ашык-машыктагы каалгадай
кусалуу чаркылдаган тартар куш дубал сыртында.
Жакында эле жандуу турмуш болгондугун күбөлөп,
ар кай жерде кашык, табак жаткандыгы кызыктай.
Карагансыйт буюмдар кыңшылап да, күнөөлөп,
эски журтта калган иттей, мышыктай.
Үйүн таштап кишилер, болду кандай арман туш?
Үгүтчүлөр азгырдыбы айтып куру жомогун?..
Жымжырттык. Жалгыз гана тартар куш
муңайым созот обонун.





