жел өпкөлөр партиясы...
* * *
жел өпкөлөр партиясы
зыгырды оруп жыйнашат
итпай-чотпай жалпы баасы
алтын жел минип жыргашат
түн жамынып аттанганы
биринчи отряд алгалап
арнап Айды асмандагы
берчүдөй далай шаарды алат
күчөп барат жылдан жылга
калайдан сүттү саап алар
айланса да ыйдан муңга
чайналбай ырдайт чаналар
ыры мындай чаналардын
минадай терең ташталып
уругу окшоп санаалардын
зиредей каптайт ачкалык
кандай ырлар токулат жай
жылаңач ийин жылтырап
бейиштеги осуяттай
суурулуп бийик үн чыгат
кен жөнүндө тоого ырдай
Күнгө да ырдайт шооланы
каражолтой ойду дырдай —
ийинден керек оодаруу




