Март

Так калтырып охра менен коргошун, көк катардын чеке жагын дат басса, кызгылт боёк каптап анан ортосун, өтүктүн бир бут-тамгасы баткакта. Жарык кайда, көлөм кайда? Карап да, өзүм тарткан сүрөткө баш чайкадым, таяк турган чуңкурчадан нараакта эрибеген күмүш карды байкадым, томпок күрткү басырылып калганы, көө сүйкөлүп, бир аз аки төгүлгөн, кумурска жол үй түбүндө андагы — оймо-чийме саймага окшоп көрүнгөн. Өйдө жакта өзөн жатат жайылып, толкунунда түркүн боёк кубулма, көзүм чөгүп кетеринде агылып, мыкты кармап, аман калдым чынында, ал мык — дубал жалаң тактай капталган. Анан чочуп, сыйпалап да, жулкунам, терезеден, жээги мармар чапталган, суу агылчу цинк түтүккө умтулам: алдында тур эски темир челек да, каптал жагы кабырылып тешилген. Түтүктөн суу сойлоп агып келет да, ташка жетип, кумдан өтүп эшилген, аппак карды айландырат чылаага... Бул эскерүүм өкүнүчкө толгону — өзгөчө бир түр боёктон курала, жандуу дүйнө азыр алыс болгону. Канча алыста — коркунучу ошончо. Тайгаланып бөтөн сазга батпайын: Жарык өчөт — эгер атым жоголсо, Көзүмдөгү элести бек сактайын. Эки сүрөт, кайсынысын жактырсам? Бүгүнкүдөн эртеңкиси олуттуу. Тарта коюп кызыл-ала так кылсам, бул — фантикпи, ыргытылган жоолукпу?