жалкоомун да, анык орус болгон соң

* * *

жалкоомун да, анык орус болгон соң,
      өзүмкүн бүт түшүмдө мен жазгамын,
жазылбастан калгандарды ойлонсом:
      көрүп, эстеп, кыялымда казгамын,
ушу эмеспи көңүлүмдүн токтугу,
      эмне калса, калды өзүмдө бүт баары,
жазганга жол бербей эрктин боштугу,
      жетпеди — сөз, даңкты самоо, күч дагы,
таң калычтуу: каалоомдун да жоктугу.