Акын айткан майрамдар жакындап мына калыптыр...

* * * Акын айткан майрамдар жакындап мына калыптыр. Камыр ачып, мейиз жуулуп, даярдалат тамак-аш. Эс-тутумдай күңүрт терезеде музду буулап жарык нур, ырдайт минтип: Москванын бийлиги чек арага тарабас — кай жакты карабагын, Находкага чейинки бүт арыктан жута бергин тартынбай кез келип калган жериңде. Жаз жанданып тосоту бар мейкин жайыктан дене балкып жашыл чөптүн, күчтүү арактын деминде. Мекен жыты түтүндө көкөлөгөн жашып, ийкемдүү, асмандын каалгыйт көгүндө, коңгуроолуу күүлдөп: тогуз сааттык алкагын камтып Таза Бейшемби мизилдете жууп салса, терезе калат күлүңдөп. Кудай шүүдүрүмү — бүт бизге, тийбесин көзү бөтөндүн, майрамды, айлыкты, өзгөрүүнү, жоопту да күтөбүз, чоюлуп анан болушунча согончогуң өйдө көтөргүн, айнекти жылтырата былтыркы гезит менен сүртөбүз. майрам келип калды, кудум Күндөй ылдамдыкта бастыра Чукоткадан Байкалга Яна жана Ленаны кечип жол жүрүү, Иркутскиден — Курганга, Самарага, Волгадан соң — Москва, Питер анан Калининград, кеч киргенче керек үлгүрүү. Өз кызматын коргоп калган өлкө ичет улам кайра куюлуп, жазылып үстөл, калдырап идиш, тарткын кере кыякты, айнектей зор жалпы аба кызаргыча жуулуп, жаркып күйөт пасханын нак керемети сыяктуу.