Чыгармачылык
Эпос доорунда
лирика жараткан жан
ода доорунда
трагедия жараткан жан
адамзат доорунда
адамды жараткан жан
жамандык баскан доордо
жакшылык жараткан жан
өздөштүрүп бүткөн доордо
өзүнүкүн жараткан жан
бүт саналып такталган доордо
укмушту жараткан жан
жаратылып бүткөн доордо
жаратман
жол берилген керемет арасында
ар дайым жаратат ал
жол берилбес
кереметти




