Гипстен мына баш багып...

* * *

Гипстен мына баш багып
калакчан селки турат бу,
жайдары күлөт кашкайып,
жаз келип калган сыяктуу.

Күмүш түс боёк жапты ким,
көрбөгөн көзү жанчудай,
элүү жыл мурда, аттигиң,
каш кагып арбап алчудай,

денеси ийкем ийилип,
чакалай басып, жик кеткен,
өтсө да жылдар үйүлүп,
сымбаты көздү тиктеткен.

Пионер кездин кумары —
турсычан ушу эстелик,
кыз бойдон дале турабы
жетимиш жашка бет келип.

Гипс, картон, фанерлер —
тирликте буюм кездешчү.
Жетимиш жыл пионерлер
жашыруун сени эңсешчү.

Жасалма кумар туугузган
адашат акыл бу кыздан.

Ал кезде учкан куш болдук,
бул кезде неге туш болдук?

Кыш болдук.