Чайнектен чыккан үн
Кимдир бирөө аны жулкулдатып жатты. Бирок көзүн ачкысы келген жок. Ооба. Достор менен кечегүнкү «отуруштун» аягы эмне менен бүткөнү эсте жок. Албетте, кээде ушундай да болот. Бул ирет каякка туш келди экен? Анткени үйдө аны эч ким жулкулдатпай калган.
Жабышкан көздөрү араңдап жатып ачылды. Ой! Ушундан көрө көзүн ачпай койсо дурус болмок экен. Караса эле капкара негр турат маңдайында. Мунун өзүн түшүнсө болот, негрлер азыр биздин көчөлөрдө деле көп жолугат эмеспи. А бул кургур, кокардасы бар фражкачан экен, болгондо да «New York City» деген жазуусу менен. Ошондой эле жазуу, болгону андан бир аз чоңураак, анын көйнөгүнүн жеңинин тушунда да турат.
И-и. Оюнуң бүттүбү, баатыр! Ал өз өмүрүндө далай эле балакеттерге кабылган, бирок ар дайым култ эте кутулуп кетчү. А мындайды ким көрүптүр: Литейныйдагы Офицерлер үйүнүн пивоканасында кружка кармап отуруп, көз ачып жумгуча Нью-Йоркто болуп атсаң, андай шумдук мунун башынан өтө элек. Адегенде кырдаалды соо көз менен карап баалап алыш керек эле, кудай урганда, көзү тургай өзү да соо эмеси кууратпадыбы. Далысы коргошундай уюп калыптыр, тимеле бирдеме сайылып калгандай. Өйдө боло берип караса, ал жазы тепкичте кийинки тепкичти жазданып жатыптыр. Жогору жагында кооз боз имарат созулуп турат. Айланма айнек эшиктен салабаттуу кебетедеги кишилер кирип-чыгып жатышат.
«Кудайга шүгүр, жок дегенде дурус жерге туш келипмин! — деп ойлоп, өзүн сооротумуш этти. — Демек, мени сыйлашат тура. Бирок — кимиси?» Ал «Патриот» барынын официанты менен эмне деп сүйлөшкөнү бүт бойдон эсинде. Чыны, Нью-Йоркко тапшырык кылган эмес.
— Кен ай хелп ю? — деп сурады полисмен.
Анын минтип англисче сүйлөгөнү Сидоровдун эсин акырына чейин эки кылды. Ошентип анын үмүт кылар эч нерсеси жок калды жылас жалмап. Бирок ал болбой эле үмүт этип турду.
Кебетеси ак көңүл бу жигитти Литейныйдагы Офицерлер үйүнө таштап койчу деп суранып көрсөмбү? Туура түшүнөбү же?.. Ээ, мейличи! Мени таштандыдан таап алып аткан жери жок го! Демек, анча-мынча баркым бар! Муну ындыкара доско сездире турган бир нерсе кылыш керек.
Ал ордунан чечкиндүү көтөрүлүп, ичинен «эми мындайлар боло берет да» деп ойлоп, полицейскийге жылмайып койду. Ага сылык-сыпаа бирдеме деп коюш керек эле, бирок булдурт-сулдурт акценти аны чочутуп ийбес бекен. Бүттү! Өзүбүздү колго алалы! Ал эркин-эмин тепкичтен ылдый түштү. Эми ушинтип каяккадыр түптүз басып кетиш керек. Оңгобу? Солгобу? Питерде болсо ал минтип адашмак эмес эч качан.
Бу жерде болсо алдастап калды. Чана поезди антарктикалык «Мирный» жана «Восток» станцияларынын ортосунда тыгылып калганда — ажал алкымдан алып турган. Бирок анда, эмнегедир, мынчалык кабатыр болгон эмес. Өлүп калуу — башка, ал эми уят болуу — таптакыр башка тура. Тээ мектептеги кездеринде аны ушинтип тергеген бул «тазалык шаарында» уят болгусу келбей турду. Өз жеринде болсо го — эчтеке эмес эле.
Тепкичтер бийик кашаа менен курчалып, эки аягында арстандар коюлган. Солдогу арстандын жанында чачтары сапсайган абышка бутун бутуна учкаштырып коюп ээн-эмин жатып алыптыр. «Балким, болочоктогу мен чыгармын!» деген ой кылт этти башына. Самтыракты эмнегедир полицейский таптакыр кабатыр кылбады, ал Сидоровду көз албастан карап калды.
«Секонд хендден» сатып алган жынсы шым, жасалма териден тигилген куртка. Чыныгы эркектик. Мунун эмнеси жаман? — ал тургай кичине таарына түштү. — Болду! Калыбыма келдим! — өзүнө өзү кайрат берди. — Териштирүүнү баштадык! Полицейскийге справка сурап кайрылсамбы, жо-жоок, мындай кылууга болбойт. — Мээси эми дурус иштей баштады. — Башка жол менен кетебиз».
Ал коркок эмес эле. Жаш кезинде достору менен жыртык кайык минип алып буркан-шаркан түшкөн күзгү Ладоганы кесип өтүшкөн, албетте, болгону бир тарабына гана: кайра тартып келатканда кайык чөгүп кеткен. «Обь» дизельэлектроходу эч кандай жардам келе албай турган жерде музга тыгылып калган. Бирок, чыгып кетишкен. Бир иретки иш сапар учурунда достору менен жарым сааттын ичинде Москваны туурасынан кесип өтүп, Москванын аркы четиндеги жалпы тааныш селкинин батиринен телефонду алууга мелдеше кеткен. Муну кантип жасаганы ушу тапта эсинде жок, бирок аякка телефон шыңгыраар замат кирип барган. «Ой, мен силерди качан чалат деп кезерип күтө беремби, ыя!» деп күпүлдөп койгон эргулуң.
Эми минтип «эргулуңдун ал азаматтыгы» аны Нью-Йоркко апкелип салып атпайбы, атаңгөрүнүкү! Ырас, бул эми «пенсионердик азаматтык», мындай оор сыноого анын жараар-жарабасы жоопсуз суроо. Кез-кез достору айтып калгандай, «өтө кетип коюпмун» деп өзүн өзү жооткотуп койду. Бирок өктөм өмүр өткөн соң, аялы менен эки мыкты досу өлгөндөн кийин капилеттен «иттен жок, ит байлаган жиптен жок» калды да, зериккендин айынан Интернет аркылуу мына ушу, эркин которгондо, достору аны тамашалап айтмакчы, «көтөнүңө укмуштуу окуя жармаштыруу» деген «эдвеньчюрис» эл аралык реалити-шоуга аркандалган. Ошентип ал тамашанын чындыгы дароо ырасталды. Эмнени тапшырык кылганым — эсимде, кантип эсептештим — билбейм. Мынакей, ал эсепти эми берем ушу жерде.
Артына кылчайып карады. Полицейский андан көзүн албай карап турат. Балким, ашык болуп калса керек. Сидоров ага колун булгалап койду да, баллюстрадан ылдый түштү. Акчамды санап алайынчы... Көрсө, чөнтөгү бош экен. Бир рубль тургай, бир копейка жок. Ал эми рубль болсо, аны ар кай жерде ала бергидей кудуретке жете элек болуш керек, сыягы. Канткен күндө да Нью-Йоркто аны албайт болуш керек... Демек, кыйналып убара чекпей эле кой...
Кызык, муну менен мобу «эдвеньчюристердин» эмнени айткылары келип атат? Ал ошо тамашакөйлөрдү өңүнөн бир гана ирет, ошондо деле алардын оюн башчысын эмес, убактылуу жалданган ортомчусун көргөн. Алар дагы өзүлөрүн топ-менеджер көрсөтүмүш эткени менен, эмне кылып жатышканын, жаштар айтып калмакчы, бардык-бүткүл «прихваттары» жана «прибамбастары» менен кошо анча түшүнө бербегени көрүнүп эле турган. Бул кууш Галерная көчөсүндөгү кайсы бир эскирген граф үйүндө, мурдагы маданият үйүндө болуп өткөн. Бу жолу ал жерде эмне болгонун ит билсинби. Айтмакчы, ошону менен катар, кооз кулактандырууга жана кызыл-тазыл кийингендердин арбындыгына караганда, аякта сексуалдык азчылыктын фестивалы өтүп жаткандай болчу. Ырас, «эдвеньчюристтер» бул фестивалга биздин эч кандай тиешебиз жок деп жубатышкан. «Укмуштуу окуя издегендер» чогулган чакан залда жаштар менен сулуулардын көптүгү аны таң калтырган. Эгерде ал ушулардын жашындагы кез болсо эч кандай ортомчусуз эле эмне кылышты өзү эле билмек. Эх, азыркы жаштарың куруп кетсинчи!
— Кана эмесе, анкетаны толтура баштагыла, жыйырма алтынчы графанын «г» пунктуна өзүңөрдүн кайсы үмүт-тилегиңерди жүзөгө ашыргыңар келерин көрсөткүлө! — деген үн чыккан сахнадан.
— А сиз бизден мурдагы кардарлардын каалоолорун окуп коё албайсызбы? — деген арык көз айнекчен бирөөсү.
— Окуп койгулачы! Окуп койгулачы! — деп уу-дуу түшкөн эле зал ичи.
Болду, жетишет! Сидоров ордунан атып турду. Эгер адамдар өздөрүнүн үмүт-тилегин даяр тизмеден ала баштаса, анын бул жерде кылаар иши жок.
— Сиз бизден чыгып кетесизби? — деп кайрылды сахнадан кыйпылыктаган топ-менеджер. Ал мүмкүн, азчылык менен мамилеси болбосо болбогон чыгар, бирок андай экен, атасынын чокусуна саргыч түскө боёнуп алганбы?
— Кетем. Эч кандай каршылыгым жок... бирок убакытым тартыш.
— Анда, мүмкүн, сиз өзүңүздүн кыялыңыздагыны оозеки айтып коёрсуз?
Кыялынбы? Ооба, албетте, анын бардык кыял-тилектери небак эле — болгондо да укмуш сонун аткарылган.
— Кыялымдыбы?.. — Ал бир саамга токтой калды. — Өзүмдүн алгачкы сүйүүмдү жолуктургум келет! Тагыраагы, кыялымдагыны.
Алар достору менен «Өзүм да таң калам!» деп айтмакчы, бир кемпир да «Укпай туруп эмнени айтаарымды, эмне тууралуу ойлонорумду мен кайдан билейин» деп так ошону айткан сымал, таң калдым чыны!
— А сиз ошого толук ишенесизби...
— Анын тирүү экенинеби? — Сидоров анын оюн илгертпей илип кетти.
— Ооба... — уялыңкы үн катты «сабиз түспөл».
— Тирүү. Бирок ал, тилекке каршы, Нью-Йоркто!
Мына — ошонун натыйжасы! Эгер аягы ушундай болорун билгенде, антип айтпас эле го... А балким, «вай ноттур»? Биздин англисче кандай балерибизди текшерип көрөлүчү! Бирок антип көргөн эмесмин.
— Жердеш? — деген үн угулду капилеттен.
— А? — Сидоров артын карады.
Үстүнө майке, астына шорта кийген толмоч киши туруптур. Албетте, кары-картаңдар Невская проспектине минтип чыгышпайт... азырынча.
— Кантип билдиң? — деп сурады Сидоров. Мындай учурларда бардык эле орустар кылтыйып калышат.
— Кантип болмок эле, көзүңдөн билдим! — деп барбалаңдап жатты жердеши. — Катуу согуп койсоң керек, ээ? — Ал эне тилинде сүйлөп жатканына ушунчалык ыракаттанып турду.
— Ооба... Болгондо да ушунча катуу кетиппис деп кой, ал сенин түшүңө да кирбейт!
Ичимдик темасы, Сидоров эсептеген сыңары, өтө ишенимдүү темалардын бири.
— А эмне үчүн «түшүмө кирбейт»? Далай жолу болгон! — деп таарына кетти ал. — Сен эмнеле адашып кеткенсип алактап алгансың?
— Чалып коюш керек эле... Бир тыйыным жок.
— Кыйын иш экен! — деди жаңы досу сылык-сыпаа. — Деги номуру эсиңдеби?
— Эсимде! — деди Сидоров, анан дароо селт этти. Сыягы, алар анын мээсин да оңоп-түзөп коюшкандай: ага эч качан чалбаса да, ал тургай жаттабаса дагы анын телефон номуру дароо эсине кылт этти. Ырас, бир ирет уккандай болгон. Кокусунанбы? Көрсө, кокусунан эмес экен да! Демек, аны «мурдунан чүлүктөп» алышса керек.
— Анда, жүрү! — деди жаңы тааныш.
Алар күркөгө киришти. Кирсе, оо шумдук! — Сидоров таң калганын араңдап жатып жашырды, — тамгалар жана сандар жазылган бир нече мончоктору менен ушунчалык чоң телефон асылып туруптур. Сөгүнүп ийгиң келет тимеле!
— Айтпайсыңбы? — жердештин, баамы, чыдамы чак көрүнбөйбү.
— Жети жүз он сегиз... — деп Сидоров астыңкы сандарын санай баштады.
— А... Жогорку Квинс турбайбы! Мыкты райондо жашайт экенсиң!
Муну угуш кулакка жагымдуу болду.
— Резидентсиңби? — деп «жердеш» көзүн кысып койду.
Ооба, ушул эле жетпей жатты эле! Бирок Сидоров жооп иретинде көзүн кысып койгондон башка шылтоо таба алган жок.
— Андан ары.
Сидоров ишенимдүү түрдө калган жети санды катары менен тытыратты.
— А... бучу? — Ал сөөмөйү менен бармагын тырмап койду. — Аппаратка салыш керек да.
Сидоров алаканын жайып тим болду.
— Да-а. Сен чын эле, мүмкүн, парашют менен секирип түшсөң керек?.. Ме, трубканы ал. «Коллект» деп айтасың. Анан атыңды атайсың. Абоненттин эсебинен эбиреп-жебиреп аласың. Албетте, эгер ал сүйлөшкүсү келсе гана.
«А анын сүйлөшкүсү келеби?! — деген ой келди башына, — Биздин жигит курак тээ илгери эле өтүп кеткен эмеспи».
Күркөнүн ичи кайнап калыптыр. Неси болсо да анын бүт дене-боюн кара тер каптады. Трубкадан аялдын ороңдогон үнү угулду. Жо, мындай быдылдакты ал кабыл алалбайт! Араңдап жатып «Коллект!» дегенге жарады. Үн дароо өчтү. Анан кайрадан быды-быды дегенсиди. Тим эле кулакты жарат!
— Бол эми, атыңды айт! — деп шыбырады жаңы дос.
— Мистер Сидороффф! — ушинтип «ф» менен айтуу, эмнегедир, салабаттуудай сезилди.
— Анда, жакшы кал! — деп далыга чаап коюп жердеш чыгып кетти.
Эшик ачылганда мештин ысыгы бурр этти. Көрсө буларда ушундай тура! Октябрь айында күн куйкалайт деген эмне шумдук! Тер сыгып алма болуп куюлуп атат. Ал эч качан болуп көрбөгөндөй корко баштады, мындан көрөкчө ушу азыр Антарктикада тыгылып калса артыгыраак эле. Трубкадан пышы-пышылар менен түтү-пүтүлөр угулуп жатты — мындай мыкты музыканы ал өмүрү угуп көрбөгөн. Эми бул түбөлүк улана берсе кана!
— Угуп жатам. — деди үн орус тилинде.
Демек, түшүнгөн экен... Бир ууртам суу болсо ээ, ушу тапта!
— Салам, — деди ал каргылданган үн менен.
Дарман-күчүн жоготуп, ал күркөдөн кулап түштү. Бактыга жараша, жаңы дос аны колтуктай калды.
— Эмне деди?
— Азыр келет.
— Ошондойбу? Демек, сүйөт экен да.
Ал так ушуга күмөн санап турган.
— Ай, сен... бас тура бербей. Ары-бери бассаң. Бу жерде эркиндиктин болгону менен, башкалардан айырмаланбаганың дурус! Болуптур эмесе!
Эң биринчи, балким, эң акыркы америкалык дос калдайган калың топко сиңип жоголду. Жердеши менен ичишип, ич дүйнөсүн жайып салуу, майкасын тытып ыргытуу деген калбаптыр ал кургурда. Таштап баса берди! Бул жакта баары ушундай! Ошентип ал өзүн өзү таптакыр таштап жиберди. Басууну каалабай, тепкичке жыгылгысы келди! Бирок Ира муну кайдан жактырсын! Ал кандай аял? Көрүшө элегине отуз жылча болду. Бирок үн анын жарасын ырбатып салды! Ошондой эле уяң, сөзүнүн аягына чыкпай өчүп кетет. Бирок ал уяңкыраак эмес болчу!
Күтпөгөн жерден көзүнөн жаш кетти. Сыягы, таптакыр алы жок калса керек. Көздү уялткан кавголовский кары жарк этти. Сампарлаган издердин арасынан көкмөк жарык чыгат. Узун калың свитерчен (аны досу Петька, берген!) Ира өзгөчө ичке. Сидоров аны менен станцияга бараткан жана табияттын так өзү ага «Бекер кетип атасың!» деп шыбыраган сымал. Көз жашы ошентип куюла берди. Балким бул көз уялткан жаркырактан чыгар — айлананын баары: капталдар, салаңдап тоңгон муздар, теректин жалбырактары. Атургай, Ирадан да келип жатты жаркырак!
Досуна калтырып кеткен! Бир гана күнгө! А кечинде болсо Петька жолугуп: «Кечирип кой, абышка!» деген.
(Мына эми ал накта абышка болуп олтурат. А ал кезде чал эмес эле.)
Дароо жаман боло түштү. «Мен чын эле каршылык көрсөттүм. Жарым саат бою». — Күлүп туруп айткан ушинтип! Уяңдыктын фонундагы анын мындай капилет оройлугу аны буттан чалып жыккан болчу. Ал тургай Петька «досу» андан аша кейигенсиген же, балким, чын ниетинен ошондой түр көрсөткөн. «Кел, болуп өткөндү кайгылуу бир окуя катары эсептейли!» «Мейли... Бирок менин катачылыгым катары!» деп күңгүрөнгөн Сидоров. Ошентип алар трамплин жантаймасынан жалдап алган ошол кепеден биротоло кеткен эле. «Шшш!», «Шшш!» деген добуштан улам ойгонушчу. Трамплинден «биринчи чабалакейлер» учуп чыгышчу. Отуз жыл илгери — ошентип капилет кайтып келип олтурат минтип! Көз жашы кудум ошондогудай куюлуп жатат. Эмне кыла аласың, ал так ошондой Ираны сүйчү. Ошондо ал станцияда түнү бою отуруп чыккан. Таң атаарда үргүлөп кеткен экен, биринчи электричканы аз жерден өткөрүп ийе жаздаган: эшикке колун салууга үлгүрдү, бирок эшик аны кыпчып калды. Поезд небак күүлөнүп калган, жөн эле өлүп калмак, бирок бул аны чочуткан жок, тескерисинче, кубанган эле!
Болгону кыры түйрүлүп жешилген сүрөт калды: алар кар баскан үйдүн алдында турушат, Ира жапыз шыптан ылдый салаңдаган музду үйлөөдө. Оо, керемет, салаңдаган муздардын ошондогу жаркырап жарык чачканын бир айт да, кыздын ысык демине көлкүлдөп эрип баратып «кыйшая» катып калганын бир айт. Бул сүрөт — чыны, керемет сүрөт. «Сүйүү керемети».
Баары бүттү деп ойлогон ал. Бирок акыры ийиди, кандайдыр бир орток иштер башталып, бир күнү эле Нью-Йорктон Петька келип калды. Келери менен эң маанилүү жаңылык катары Иранын аны да таштап, кайдагы бир аргынга, сүрөтчүгө тийип кеткенин сеймедиреген. Балким, кубантам деп ойлогондур? «Кел, досум, биздин жалпы махабатыбыз үчүн ичип коёлу!» Баягы Петька жок, таптакыр өзгөрүптүр. Сөгүнүп-сагынып коё бербеспи. Ошентип Сидоров ошо кезден ушу кезге чейин жашап келаткан, терезелери трампаркты караган батирде өткөндү эскерип отурушту.
— Аны да таштап кетиптир! — Петька, эмнегедир, чекеси жарыла кыйкырып алды. Ошенткени дурус болгон экен, жүрөгү ылдыйлай түштү. Бир гана махабат калды... Аны менен кошо — көтөрүлгөн кан басым калды!
Күтүү да азап! Алды менен ары-бери басып турган имарат, кыязы, китепкана өңдөнөт. Ага «...арстандары менен» деп айткан. Себеби анын көрбөгөн китепканасы калды дейсиңби! Институт, аспирантура, диссертация коргоо — ушулардын бардыгы китепканаларда даярдалган, андыктан бул мекемени жаземдебей тааныган... Полицейский тим эле андан көзүн албай турду! Шпиондор өзүн минтип алып жүрбөйт деген нерсе гана көңүлүн жайгарып жатты. Ооба, ырасында ал шпион эмес да. Бирок ошондой болсо дагы: паспорт, виза, ушу сымал аки-чүкүлөрдүн бардыгын аны биякка ыргытып жатканда жанагы тамашакечтер ойлошту бекен, жок бекен?..
— Токтой туруңуз! — деген ошондо «сабиз түспөл» анын оозунан «сүйүү» деген сөз чыгаар замат. — Сиз утуп алдыңыз!
— А... эмнени?
— Сиздин кыялыңыз орундалат.
— Качан?
— Бул биздин кичинекей сыр болот! — Ооба сага, «кичинекей»! — А азырынча, — деп уланткан тамашакеч, — сиз приз аласыз! Баалуу белек. Чайнек-күбүрөк! — деп куту сунган.
— Бу кандайча? — деп кысына түшкөн ал. Техникалык жаңылыктар менен аны таң калтырыш мүмкүн эмес эле. Ашкана буюмдарына «Мекен калканын» өзү каңдап чыккан... Бирок «күбүрөгү» не? Андайды эгерим кулагы чалбаптыр.
— Пайдаланыңыз! Ыракаттаныңыз!
Адегенде аны ыргытып ийгиси келген... Бирок, ал анын турмушун өзгөртөөр деген куру үмүт менен сактап койгон. Чын эле, жаңылбаптыр. Чайнек бурк-бурк этип кайнап келип «күбүрөгөндө» ордунан кулап кете жаздаган. «Бүкүрөйбө!» «Эмне-е?!» — деп чаңырып жиберген Сидоров. Аны эми ушу чайнек окутат экен да! «Алгачкы махабатың менен кездешкиң келеби, анда өзүңдү татыктуу карма» — чыккан буунун ышкырыгы ушинтип шыбырагансыды. Кандайдыр бир кызык сөздөр. Буларды кайдан окутат болду экен? Сидоров ашкананы алты айлана чуркаган. Мына сага! Кеңеш айтар досту тапкан экенсиң! «Мындай достордон көрө!..» — өкүнүчтүүсү, ылакаптын андан аркысы уят сөз. Андан ары чайнек кадимкилердей болуп буркулдап кайнай баштады. Чай ичүү каадасы деле кадимкидей болгонсуган. Ойлоно турган кез эле. Демек, «оюн» башталды. Көрсөтмөлөр чайнектен келип турат. Мындан ончакты жыл илгери ага мындайды ким деген даап айта алмак! Бирок, «кол коюлуп» калган соң эмне кыла аласың? Өмүр болсо өтүп кетти. Кыя кетпеди дечи, бирок баары бир өттү да. А жаңысы эмнеси менен кубантат болду экен?
Чайнек, сыягы, тынчыды өңдөнөт, жөн кишиге туш келбегенин түшүнгөн сымал, эртең менен кадыресе аба ырайын кабарлап тим болчу. Кийин туруп-туруп эле уккулуктуу кылып Чеховдун «Каштанкасын» окуй баштабаспы. Жалпысынан айтканда «сиңип алды». Кызык жери, муну кылуу менен тигилер эмнени эсептешти болду экен? Ушинтип жайылтып алсак эле баары тең «акылдуу чайнек» сатып алалы деп чуркайт дешеби. Же эмне? А, баса, «алгачкы махабаты» канакей?
О кудай-ай! Ал келе жатат! Келет да, эч нерсе болбогонсуп терезенин тешигинен: «сойлоп кир!» дейт.
— Ох, ата-а! Нью-Йорк деген ушу турбайбы! — деп мурда биякта түк болуп көрбөгөн Сидоров өзүн кармана албай тамшанды.
— Силерде азыр мода болуп жаткандай, сени жапайы аралга ыргытып салышпаганы жакшы болуптур! — деп жайдары жылмайды аял.
Сидоров ага жалт карады: «Демек, көңүлүң бар экен ээ, байбиче?»
Чачын байкалбаган бубак чалган менен, жүзү... андан да мыкты болуптур! «Мага татар чоң энеден эч кимде жок белек берилген» — деп калчу ал «чымчыкейлерге» чычалаганда... Ырасында, көз кыйыгы бир аз көтөрүлгөн сөөк-сактуу жүзүнөн башка белеги жок эле. Жана да бир аз ийрийген «ковбой» буттары бар болчу. Азыр ал, туфлисин чечип салып, педалды тээп баратат. Баарынан кызыгы — азыр ал аз-маз аргын чалыш. Аны айтып не да, айтпасаң не? Анан калса сырттын ысыгын айт, а ал болсо жүн байпак кийип алган. Бирок бул, анын жүрөгү саал кысыла түштү, дайыма эле ушундай. Ал өзүнүн муздак колу менен алгач ирет курсагын сылаганын бир заматта эстей салып, селт этти. Ошондо ал: «Ооба. Эмнегедир менин колдорум ушундай. Айтмакчы, буттарым дагы. Ошондуктан ал тургай эркектер менен да жүн байпакчан жатам. Мээлей кийип жатканга болсо батына албайм» деген эле.
— БУУ! — Ал башы менен уйпалана салаңдаган туулары бар бийик жалпак имарат тарапты көрсөтүп койду.
Ошентип алар өнөр-жай тибиндеги даңылдаган чоюн көпүрө аркылуу дарыянын ортосундагы чакан аралчага келип киришти. Баржадан шашылбастан жүк түшүрүлүп, цемент шамал менен боз тасма сымал көккө көтрөрүлүүдө. Демек, «ачык коом» дегени ушу экен да: баары алардын көз алдында. Көпүрөдөн өткөн соң «орто офицердик катмардын дача кооперативи» сымал чакан үйлөрдү аралай жүрүп отурушту.
— Азыр сен эч нерсеге таң калба! — деди ал.
Алар андан ары көп катарлуу күрүлдөгөн проспект аркылуу кетишти, жолду ката жалаң кара-тору, ыркыйган арык, бийик чалма чалынган индустар ары-бери басышат. Лавкалар менен дүкөндөрдө да ошолор.
— Кадыр-барктуу район дешти эле го! — Сидоровдун оозунан капилет чыгып кетти бу сөз.
— Ошондой болчу! А азыр мен индускамын да! — деди тигиниси ийинин кылыктана чайкап коюп.
— Анда эмесе чай ичпейлиби! — деп бутуна секирип туруп, жайдары үн салды ал. Дегеле төшөктүн мындан отуз жыл илгери, тээ баягы Кавголоводогудай болуп жерге салынганы жаман эмес экен!
— Ашкана сол тарапта, — маалкатып барып жооп узатты аял.
«Демек, чаалыккан экен!» — деп ойлоп койду ал. Бирок ашканага бут коёру менен «чаалыгуу» аны дагы чырмады! Чайнек. Баягынын өзү, тагыраагы, дал өзүндөй: эски өңдөнтүп латундан жасалган. Отура калды. Анткен менен изилдөөчүнүн ич туюму өзүнүкүн берген жок: сууну куйду да, электр мешке коюп койду... Кана! Шуулдап-шуулдап келип... бир убакта кандайдыр күңгүрөгөн добуш менен таза орусча:
— Жупташуу туура эмес аткарылды! Эсептелбейт! Азыр силерге жуптооч-индус келет! — деди чайнек жансыз-сенек сөздөр менен, анан да какшыктагандай мырк-мырк этип койду. Аякка кайсы шайтан отуруп алганын ким билсин!
— Ки-и-м?! — Сидоров куйкасы куруша туталанды.
— Жуптооч! — деп кайталады чайнек, бирок саал чочулаган түрдө.
— Муну кандай түшүнсө болот, ыя? — деп Ира магдырай чайпала басып (же калп эле ошентимиш этип?) ашканага киргенде Сидоров каардана сурап калды.
— А-а, — деди аял керилип-чоюлуп. — Сеники да ушундайбы?.. Кызганмай жок. — Кыңшылап келип ал анын тизесине көчүк басты... Өбүшүү деп ушуну айт!
— Кел, тигини жоготолу?
— Ошол жерге кирсин! — деген болду аял.
— Анда, мына! — Сидоров аны мешке жалпайта чапты. Суу туш-тушка чачырады. Бирок анча катуу күйгүзгөн жок. Сидоров аны мештен алып ыргытты.
— Ого! Кожоюн келди! — деди аял кылыктана ага ыктай.
Кайдан-жайдан бирдеме шыңгырагансыды. Дагы кимиси болуп кетти? Ира экранга көз чаптырды да, «кирүү» дегенин басып койду.
— Жуптоочпу? Азыр аны да жалпайтам! — деп убада кылды Сидоров, бирок... кире бериш бөлмөдөн ушунчалык тааныш түндүк-орус үн-добушу угулду.
— Буларда баары шуруга тизгендей экен го! — деп нааразыланганга үлгүрдү бечара.
— А-а, баары бир үлгүргөн экенсиңер ээ! — деди Петр «сүйүшкөндөрдү» алмак-салмак карай. Тааныш чоң меңдеринен башка... бул эми Петр эмес! Бизнестин акуласы. — Ии... сага батир кандай экен? — деп сурады салабаттана.
— Бу-бу-бу... — Сидоров эмне дээрин билбей тартынчыктап калды. Эмне, ушу жерде жаша деп сунуш кылган жатабы?
— Мен ишти айтып жатам, — деди Петр жайдары. — А болбосо чакырбас элем го?
Ира оозун кере эстеп алды.
— Бул сенин колуңдан келген ишпи? — Сидоров бурчта кыйшыйып-мыйшыйып жаткан чайнекке баш жаңсады.
— А бул сеники деп түшүнсөк кантет? — деди Петя кекене, чайнектин ордуна темир жупкага айланганды колуна алды да, толгонгон кармагычын сылап жатып суроо салды. — Эми үйүңө кантип учуп кетесиң?
— А эмне... чайнек менен учмак белем? — деп күңгүрөндү Сидоров, бирок саал чочулаган түрү бар. — А биякка кантип жеттим? Менимче, суу алдында сүзүүчү кеме менен келбесем керек?
— А-а! — Петр колун силкти. — Маңызы мында эмес. Башкысы...
— ...элдин башын кантип айландырыш. — Сидоров дароо түшүндү. — Баары эле көнө бербейт! — деди башын жалпайган чайнек жакка ийкеп.
— А эмне кылыш керек эле? — деди Петр жулунуп-улунуп. Көйнөгү эки бөлүнүп кетти. Топчусу күбүлдү. — Мен биякка келген кезде кадимки чайнектерди каңдачумун!
— Ай-ай-ай! — деди Сидоров. Башкасы башка, Петрду ал жакшы билчү. Иштин башын чагат эмеспи. — Балким азыр Генеральныйы чыгарсың? Брежневдей болуп?
— Таптаза капилеттик! — деп моюн толгоду Петр. — Аларды, угуп алгыла, көзүңөрчө айтып коёюн! Эмнебиз болсо ошону угабыз... Сен эмне, мени сатып алышты деп ойлоп атасыңбы?
— М-м-м... Андай болжол да бар, — деди Сидоров.
— Ооба, — деп Петр күтүүсүздөн моюнга алды. — Бирок мен алардан коркпоймун! — Муну ал кыйкырып айтты. — Мага эмне, өз кишимди Тивиге түртүш жеңилге турду дегиң барбы? Аларга жаштар гана керек!
— Ыракмат! — деди Сидоров. — А камераңар каякта? — деп ары-бери каранды.
— Да-а... Айырмасы жок! — деп Петр тынчый түштү. Чыныгы дос!
Бир убакта сөз кайра жанданды.
— Эсиңдеби, — деди Сидоров, —тундрада сен экөөбүз мастык менен боеголовканы жоготуп алганыбыз? Бизге ошондо жеңил болду беле? Каткырып күлүп тим болду элек го!
— Биз эч кандай КПСС дегенден корккон эмеспиз! — Петр эрдемсий түштү.
— КПССиңдин энесин урдум! — деп бурк этти Сидоров. — Ага кошуп мобу чайнегиңдин дагы!
— Тьфу! — Петр чайнекке чечкиндүү түкүрдү. Артына кылчайып, манжалары менен эл аралык жаңсоону көрсөттү... Көрсө камерасы биякта тура. Эми баары түшүнүктүү.
— Билишимде, демек, массанын аң-сезимин башкарып калыпсың го? — деди Сидоров.
— Бирок сен, эң башкысы, өзүңдүн алгачкы махабатыңды таптыңбы?
Бир мүнөттүк тыныгуу.
— Эгер андай эмес болсо...— деп чаңырып ийди Петр. — Айт мобу шуркуяга, ал мага тийсин... кайра! — сөзүнүн аягы абдан муңдуу угулду.
— Андан көрө өзүң айт, анын мага тийгени жакшы болот деп ойлойм! — деди капилеттен Сидоров өзүнө карата.
— Мен силердин сунушуңардын үстүнөн ойлонуп көрөйүн ээ, балакайлар! — деп аял ваннага жылт кирип жоголду.
Ай, Петр, ай-даа артист! — ошол эле жерден «чыныгы эркектик баарлашууну» баштабаспы. Катын тоскоол болуп аткан экен анын айтымында! Эмнегедир шыбырга көчтү.
— Менде сага олуттуу иш бар!
— Ии? Ушинтсең!
— Сен мага жардам кыл, жарайбы! — Ал досунун жеңине бекем жабышты. — Сен, балким, билет чыгарсың, өзүңдүн сөөгүңдү жерге берип болсо да акча жасаса болот. Бирок экөөбүз азырынча тирүүбүз го, акчаны биз башкалардын эсебинен деле жасай алабыз!
— Оригиналдуу чыгып атат, ой! — деди Сидоров. — Күрөктү сен бересиңби?
— Эй! Сен экөөбүз кимбиз?
— Доспуз да...— Сидоров ишеңкиребей мекиренди, — эски.
Петр турган ордунда тегеренип-тегеренип кетти, кыязы, эски досу анын эски жарасын чукуган сымал.
— Күнүлөштөрбүзбү?
— Эк! — Петр буга анча маани бербегендей колун силкти. «Иш билги адам» деген так ушундай болот белем. — Биз баарынан мурда суу куйдуларбыз!
— А! Эмнегедир, далайдан бери бу жагынан сыймыктана албай калдым эле, — деп оор улутунду Сидоров.
— Бекер кыласың! Билесиңби, мен биякта эмне кылып жүрөм?
— Чайнек жасайсың.
— Азыр жасабай калгам!.. Мүрзөдө уруп-сокмо басым астында сопло аркылуу атырылган суу менен таш такталарды кесем... Кыскасы, мени курулуш тармагында иштейт деп эсепте. Барельефтер, оймо-чиймелер, ариптер. Бул деген сага чайнек эмес! — деп аяктады аңгемесин кыскартып.
— Жаман эмес, — деп макул болду Сидоров. — Бирок буга менин кандай тиешем бар?
— А сен билесиңби, мен соплону каяктан алам? Биздин суу алдында сүзүүчү кемелердин өрт өчүрүү тутумунан! Алар кандай басымды кармай аларын билесиңби? Бизде алар жүз эсе арбын запас менен даярдалчу эле го. Оор, бирок бышык.
— Өлгөндөн кийинки атак-даңкка эсептелип. Биздин. Тактап айтканда, ойлоп тапкандардын.
— Ии, так ошол маал келди деп эсептеп кой! Бирок, билесиңби... менде ошол «чимкириктен» канчоо калды? Эгер укчу болсоң, ыйламаксың...
Петр кош манжасын соройтту. Экөө элеби? Же эки миңби? Эче?..
Анан сөзүн андан ары улантты:
— Биздикилер баары бир патриот келишет! Кемелерди жараксызга чыгарышат, кесип майдалашат, анын алдында ар кимиси, албетте, мүмкүнчүлүгүнө жараша, ардеме-бирдемелерин чыгарып кетишет. Адмирал Волк! Сен аны билесиңби?
— Бир чака «шибегени» шимиргенбиз...
— Мен аныңарды билбечүдөн бетер! — деди Петр таарыныч кылгансып. — Мен андан: «Сиз, менимче, деңиз Карышкырысызбы?» деп сурадым. Болбосо, бүт баары эле Москвада отурушат. Сен билесиңби, ал эмне деп жооп бергенин? «Коммерческий Карышкырмын!» дебедиби. Сенден Волк мынчалыкты доолабайт. Сыйлайт. Сен ага өз кишисиң... Ал эми сөөк коюу, менин оюмча, идеологиялык карама-каршылыктар үчүн орун болуп эсептелбейт... А эмне, сен Кытай тараптасыңбы?
— Антип ойлобойм. — Сидоров эмне дээрин билбей алдастады.
— Биз сени менен жашайбыз, бул жер кымбат экен. — Ира ваннадан чыгып келип, анын тизесине секин отурду.
Укмуш жоро-жолдоштук деп ушуну айт! Дээрлик баягыдай, тээ илгерки Кавголоводогудай!
Сидоров ойгонуп, ашканага бет алды. Ира жуунуп жатат, кечээ ал Североморскиден кеч келип, келери менен уйкуга кирген. Чайнек баягысындай эле буркулдап кайноодо. Ал биякка кадимкидей аралашып-быгышып, жалпысынан — ишенимге илешкен, бар болгону баягы категориялуулугунан гана кол жууду. Кыскасы, өзүнүн океандын ары жагындагы бир тууганынын кайгылуу тагдыры эсинде болсо керек. Беймарал бирдемелерди жобурап калат, кээде өзү менен философия жаатында талашып калмайы бар. Кээ күндөрү украин ырларын чозот. Эмне үчүн украинче? Анысын бир кудай өзү билет! Сидоров ага чоргосунан суу толтуруп, отко койду. Ой! Кайнай баштады! Бурк-бурк этип келип, бир маалда эле баягы кербезденген үн менен: «Ирина Евгеньевна! Жуунганың жетишет! Териңди тескери жышып аласың! Өзүңдүн хахолуң менен Галернаяга шашыл — аякта силер менин көмөгүм менен бактыңарды кантип тапканыңарды жеткиликтүү түшүндүрүп айтып беришиңер керек!»
Сидоров ага тап берип барып токтоду, бирок кийин анысынан айнып, аны менен далайдан бери сүйлөшө берип укмуштай зор тажрыйба топтогон коңшусуна тартуулап таштады.