Азыр баары бат эле: түстүү сүрөт, сөзсүз анан сан менен...
* * *
Азыр баары бат эле: түстүү сүрөт, сөзсүз анан сан менен,
мурда тасма кара-ак, түзүмүндө күмүш дагы бар белем,
чыгар, бекит, кургат да, жылтырата үтүктөгүн сү-сүлөп,
жалаң кызыл жарыкта, өзгөчөсүн унибром бүтүрөт,
ороп күрөң виражга, «Мишки» деген момпосуйдан бешбетер,
татаал — ар ким чыгынбас, болушунча витражды эстетээр,
буйрутма алып ателье, көбүнчөсү кымбат ошо портрет,
үй-бүлөлүк сүрөттөр — күрмөчөн да, олуттуудай мелтиреп.
Көп сүрөттөр, тасмалар узак жылда буурул саамай болгону,
батпай калды эч жакка, үйүп-жыйып үч коробка толгону,
анан эптеп үнөмдөп, сатып алган жаңы сканер бар мына,
сандаштырып алган соң, кетти баары керебеттин алдына.
Архивден таап файлдарды, чекесинен принтерге ыргыттым,
спринтер сыяктуу жандап өткөн сүйүү, муңун турмуштун
басып А3 көлөмдө чыгарганың түстүү болмок каяктан?
Бул өткөн чак чапталса, бөлмөдөгү бүт дубалды камтымак,
так ортого отуруп, үндөбөстөн көз жиберсең абайлап,
унутулган элестер ушунчалык бир бооруңдай жанга ынак,
чачың жыдып аз-аздан, калгандары андан ары агармак.
Суюлганы чачыңдын — кайрат качып, сабырдуулук түгөнүп,
кош көрүнүп көзүңө, тегерегиң үрүл-бүрүл бүдөмүк,
ал-ансайын сезимтал болуп, ойго чөмүлөсүң ээк сылап,
эриндериң титиреп, ысык көз жаш карегиңди тээп чыгат.
Бул бүдөмүк сүрөттөр өткөн чакты элес-булас берет-ээ,
жашып деле кетесиң, араң таанып өңдөрүнө тирмийип:
бул ата-энем, чоң апам, Маня жеңе, да бир чоочун эжеке,
бул Серёжа байкем го, а мунусу күйүп кеткен Күн тийип.
Бул жылаңач көтөн мен, ары жакта целлулоид үч өрдөк,
бул мамалак чоң курсак, апам менен кучакташкан көз ирмем,
Алёш байкем экөөбүз, бул... а, баса, китеп окуп түшөм деп
Рая жеңе эмеспи, конокторго ырдап аткан кезим мен.
Бул биринчи «Б» класс, онунчуда экзамен берген чак,
Яшка Каллер жана мен, 1-курс, картөшкөнү терген чак,
комбат күлүп ууртунан, портупея асынып мен турганым,
анан мына — аялым, экинчиси, булар болсо уулдарым,
эң алгачкы неберем, алыш-билиш достор менен кечеде,
Италия, Кырым бул, атаганат, баргансыгам кечээ эле,
дайвинг Кызыл деңизде... Өткөн өттү, бирок учу уланат,
аңкоо ретушь одоно, маркумдун да бетиндеги гримдей.
Бул бир бала, а тиги арттан кокус өткан адам тура, кап!
толук неме сакалчан караңгыга төнүп барат билинбей,
кары киши оорукчан, балага да окшоштугун көрөсүң.
Мобу сүрөт... Жо-жок!.. Бул сен. Менби?! Сен өзүң!
Сүрөттөрдүн жарымы өчүптүр го көрүнбөстөй эч жагы,
кечээ болгон бүгүн жок, аянычтуу, аяганга кеч дагы.
Канча нерсе бар эле, калды мына элес гана сүрөттө,
баарын сактай албайсың, өтөт тура, өчөт тура күн өтсө.





