Батискаф

Терезеде — көз арбаган сулуулук,
Писсаррону эстеп, ырга өтөсүң.
Көгүлтүр бул көрүнүштө жылуулук,
Сур булутка аралашып көчөсүң.

Кондурамын элесиңди колума...
Сүрөтчүнүн тоосу туман толо жыш.
Ызгып шамал ырын кошот чооруна,
Жолоочуга чулгап моюн орогуч.

Чапанды жаап, жашырамын коңулга,
«Жамгырлады» кайра Камил сүрөтчү.
Дале көлмө пайда болуп, боюнда
Төө жалбырак, ат кулактар «дүр» этти.

Тарагандай булут көчүп булуттан,
Калкып чыгат бир элестен көп элес.
Мен ушинтип жалгыздыкты уюткам,
Үрөй учкан тири-укмуштар кеп эмес!

Үй өзгөрүп, көлөкөлөр узарып,
Арбак шыпта айланганы кыйын да.
Шатырата жамгыр төгөт узанып...
Батискафта жүргөнсүйм мен — ырымда...