Ээсиз бакча аймагында Битцанын...

* * * Ээсиз бакча аймагында Битцанын Түшүм берет адатынча мурдагы. Алмалардын көрчү жайнап чыкканын, Ойго келбей кырсык күтүп турганы. Мындайды эми кайсы жерден көрөбүз, Кандай гана берекелүү алма бак. Поляктарга миңдеп акча төгөбүз, Өзүбүздүн таттуубузду талкалап. Бакчаны мен итим менен аралап, Баш чайкадым жанга батып кейишим. Кемпирлер же бомждор жүрбөй талаалап, Келип, терип алса боло жемишин! Акын, сен да толгон мөмө бересиң, Бирок дүкөн, шарапка да эл жакын. Кадырланбай, жапаан болуп келесиң, Ушундайбы? — Андай эмес, — дейт акын.