The Dark Side of Love (Ак сүйүүнүн кара жагы)
Алыс калган сүйүүмдү эстеп, үмүт үзүп турганым —
эч мааниси болбосо да, сыйлап таазим кылганым,
чындап ага баш-көз боло албаганым кейитип,
билем: мени канча кыйнап, заманамды куурганын,
дене, сезим, анан ойлор болсочу мен күткөндөй —
калтаарытып, онтотуп да менден ашып түшкөндөй,
мендик болуп дем алганы, көз көргөнү, ысмы да,
мага кулап, бирок көккө учуу менен бүткөндөй.
Баары көздөн кайым болду, калдым азап арманда,
калды жана ачуу чындык өз мойнума алганга —
бүт өмүрдүн ысык-суугу жалгыз мага буюрса,
тете эмеспи талпагымды ташка жайып салганга,
мындай сүйүү мүмкүн эмес, көтөрө алат бүтүн ким,
ошон үчүн азап тартуу берилгенин түшүндүм:
айрылаарда бек кучактап, дирилдейсиң сүйүүдөн,
туйлагандай чеңгээлинде үрөй учкан түшүңдүн.