Нимфа
1
Албетте, Ак Халаттын сөзү арбын. Менин мээме классикалык «сатириаз» тууралуу кайра-кайра кум куюуда. Менден бир кадам алыстагы!.. Мен эмне, «сатирмэн» белем?.. Мен эмне, айдагы карыя белем?.. Ал тургай накта адепсиздик менен «сатир чал» дегенди акырын жылжытып койду. «Карылыктын алдында, — дейт, — мындайлар боло берет». (Эгер азыр дарыланбаса!.. Мээң айланат... Ах, ах! Абдан кооптуу!..) Мейли, сүйлөй берсин... Иштей берсин!.. Врач өзүнүн билгендерин калжырай берүүгө укуктуу. Бирок мен аларга көнбөй коюуга укуктуумун... Өмүр — бул байлык. Мен аны жашадым... Эми өзүмө жылуу-жумшак бузулууга жол берсем болот..
Ак Халат, албетте, кадыресе токтоо, максаттуу түрдө коркутуу менен пациенттин үшүн алууда. Коркунучтун аурасы. Пациент олтурат... Катып калды... Врач менен пациент, тагдыр деген ушундай, — столдун эки тарабында. Таптакыр эки башка!.. Дубалдарда диаграммалар... Сүрөттөр... Атургай живописи дагы бар... Ушул сылыктык кошулуп суюлтулган коюу коркунучту көбүрөөк көрсөтүүгө керектүүлөрдүн бардыгы. Бирок пациент —менмин. Ошондо мен өзүмө «мен болгону башкалардай эмес менмин» деп күбүрөнөм. Меники эмне, жеңил да. Эң жеңили!.. Минтип менин башымды дубалдагы сүрөттөр менен айландыра алышпайт.
Ошондой болсо дагы анын кабинетинде олтуруп кандай гана каардуу ойлор келүүдө! Ак Халаттын маңдайында олтуруп алып... Мен, көрсө, ушул мүнөттөрдө укмуштай кең коргонуу жүргүзүп атыпмын... Ушул азыр кабинеттерде олтурушкан жана коркконунан өлүп жатышкан миңдеген, он миңдеген абышкалар. Байкуштар!.. Карманыш керек... Биз — адамдарбыз. Өзүңдүн аң-сезимиң үчүн күрөшүш керек. Биздин чексиз созулган фронтубузда... Бутта туруш керек, анткени бул күрөш... Мейли, врачтар качандыр бир убакта минтип айта беришсин: «бу Петр Петрович Алабин болгону бир чал болчу, а бирок кандай чал эле!»
— Эми бүгүнкүгө карата акыркы суроо, Петр Петрович... Башталышы... Сизде, конкреттүү, эмнеден жана кантип башталган?
Ал менин айткандарымды үчүнчү күнү, үчүнчү ирет угуп жатат.
— Эмне башталды? — (Мен капилеттен аңкоо чалыштандым. Чарчадым...)
— Мобу, сиз экөөбүз айтып жаткандар.
А мен аз эле жерден «ооба, ооба... түшүнүктүү... эмесе, эмне тууралуу?» деп айтып баратып оозумду жаап калдым.
— Ошол, биз сиз менен үчүнчү күн сүйлөшүп аткан тууралуу. Сиз ошол үчүн бизге келгениңиз тууралуу, Петр Петрович.
Мен унчуккан жокмун. Менби?.. Эмне үчүн?.. Бирок мен оорулуу эмесмин да. Менин абалым, сиз, доктур, өзүңүз айтпадыңыз беле, өтө жеңил... Эгер чынын айтсам, мен биякка, сиздерге (психология жана психиатрия бөлүмүнө), бираз өтүшүп кеткен карылык кызыгуу менен эле келгем. Кызыккандыктан... Андан тышкары элге азыраак аралашыш үчүн. Абышканын эл менен болгусу келет!
Ошондой эле өзүмдү бираз чукулап көрүш үчүн. Аркы-берки тууралуу талкуулашыш үчүн. (Анан да жөпжөнөкөй алдын алыш үчүн.)
Врач Недоплёсовдун үнү бираз өкүмүрөөк чыга баштады:
— Сиз эмнеден чочулап биякка келдиңиз, ошол тууралуу. Эмнеден жана кантип башталды эле?
Мен эмнеден экени түшүнүксүз... чарчагандыктанбы?.. тайсалдап кирдим:
— Эсимде жок.
Ал күлүп ийди:
— Түнт тартып кеттиңизби?.. Түшүнөм, Петр Петрович... Карылыктын алгачкы белгиси... Биринчи! Бул психиатр аялдан биринчи эркеги тууралуу сураган сыяктуу эле... Мындай караганда ал баарын билет, баары эсинде. А анда үн жок, сөз жок... Парадоксалдуу, ошол эле учурда элейүүнүн кадимки көрүнүшү!
Ырасында эле сөз таба албай калдым. Ырасында эле мен эсимди саал жоготуп койгонсудум.
— Баары бир, Петр Петрович, чымырканыңыз... Кеңирирээк бирдемелерди эстесеңиз. Майда-чүйдөсүнөн бери... Түшүнсөңүз: сиздин алгачкы тажрыйбаңыз өзү менен сиздин атуулдугуңуз тууралуу укмуш күчтүү, атургай албан күчтүү билимди алып жүрөт. Коддолгон билимди. Сиз да, мен да дароо илип кете албай турган... Бирок, эгер акырындан... Кадам сайын...
Албетте, психолог-психиатр пациенттен сыгып алууну билет. Мейли сыга берсин... Бул тууралуу кимдир бирөө качандыр бир убакта Недоплёсовго айткан чыгар... Телевизордон мактагандыр. Кеңеш бергендир... Андан соң менин жээн неберем Олежка (тагыраагы, менин Олежкамдын келесоо бир таанышы) Интернеттен издеп көрдү. Тапты — бу дагы дал келгендик, кокусунан дал ушу элиталык доктур сөрөйдү.
Биз анда чай ичип атканбыз. Олежка алма кемирип отурган. «Чоң ата, мүмкүн, сага кызык чыгар?.. — деди ал, жылмайып. — Психиатр Недоплёсов. Уктуңуз беле?.. Карыялар менен алектенет». Олежка, албетте, күлүп аткан. Мени бираз (жаштык кылып) тамашалагысы келген. А мен анын кайырмагына илинип бердим.
Мен текстти толугу менен көрсөт дедим. Мени ал дароо өзүнө тартты. Кызык!.. Грек жомоктору адам психикасынын уюткусу сыяктуу, бул модалуу! Ошентип кайсы бир Недоплёсов деген врач карылардын белгилүү бир дартын ар кыл жомоктордогу сатирдин андан да белгилүү жүрүм-турумуна салыштырыптыр. Дал ошол сатирдин... Канча бир кылымдардан бери атактуу сүрөтчүлөрдүн картиналарында уктап жаткан нимфаны шыкаалаган картаң жана түрү суук сатирдин. Недоплёсовдо болсо жомоктун кооздугу биздин ашып-ташыган турмуштук кумарланууларыбызды кечирүү менен ак көңүлдүккө айлантылыптыр — мага ошондой туюлду. (Христиандыкка чейинки ороюраак ырайымдуулук. Бирок, ал гана эмес.)
Анын катарында — күлкү. Ар кандай ыксыз ычкынуу жана алымча-кошумчалар өтө активдүү окурмандар тарабынан жүрөт эмеспи. Интернеттик жалжалактоо... Эркелик... Бирок, акмактар да, алар менен атаандаша интеллектуалдар да жаш атактуунун фамилиясындагы «ё» тамгасын кекиртектен чыккыча кордошкону кызык. Аларда ал жана врач Недоплясов бар болчу. Анан Недоплюсов. Анан дагы Недоплаков. Ал тургай Недописов жана Недопихов. Мен каткырып күлгөм.
Анан, албетте, мени:Кызык учурларда врачтын консультациясы жана иш алып барышы акысыз деген эскертүү абдан шыктандырган.
Недоплёсов:
— Сиз дагы сүйлөй түшүңүз, Петр Петрович... Сиз токтолбой сүйлөй бериңиз... Бүгүнбү же эртеңби, биз баары бир аны кысмактабай эле сиздин биринчи учуруңузду көз кырына алабыз. Камап атып алабыз. Биз деген союздаштарбыз да, ыраспы?.. — деди. Мен башымды ийкедим.
— Он мүнөтчө эс алыңыз. Андан кийин — класска.
Недоплёсов азыр эле пациенттен сыгып алып тиешелүү графалар менен чакмактарды толтуруп, мен тууралуу бирдемелерди чиймелеп жаткан кагазын столдун четине ойдолоктой таштап койду. Мен ордумдан өйдө болдум:
— Доктур... Мага картина илүүгө жардамдашып кой деп айтышты эле.
— Ооба-ооба. — деди Недоплёсов кайсы бир башка кагаздан көзүн албай. — Ошентип иштеп туруңуз, жарайт. Бул туптуура он мүнөтүңүздү алат экен. Сиздин төрттүгүңүз да ошоякта... Андан кийин — класска.
Мен туруп, эшикке жөнөдүм. Мен, негизи, кеттим, мен босогодомун, врач менин артымдан мына-мына чыгып кетер алдында чакырып калган секундада мен ачылып бараткан эшиктин туткасын бастым.
— Петр Петрович, ошентсе дагы... Жообун дароо узатыңыз... Сиз өзүңүздүн биринчи учурду эмне менен байланыштырат элеңиз?.. Ассоциация менен. Дароо! Каалаган бир сөзүңүз менен... Биринчи туш келгенин, а?
— Боржоми, — оозума ушу сөз келди.
— Абдан мыкты. Боржоми — калктуу пунктпу же суусундукпу?
— Суу.
— Бар, бара бериңиз. Бүттү.
Мен коридор менен келаттым. Кандай чапкене?.. Маалыматты сууруп алды!.. Кыязы Недоплёсов азыр эле менин барак кагазымды өзүнө жылдырып, кайсы бир бош чакмагына:Боржоми. Суусундук. Деп жазды болуш керек.
Коридордон мен биздин карыялар төрттүгүнүн ичинен мага көбүрөөк жаккан Чижовду көрдүм. Ал мектеп мугалими. Жакындап келип:
— Модерн медицинасынын даңазасы үчүн эмгек өтөөгө, жардам берүүгө даярмын, а живопись кана?.. картина кана? — дедим.
— Билбейм. Алып келишээр... Же алып келатышкан чыгар.
— Ушунча көпкө алып келишеби. Мен ойлойм, алар аны карап жатышат. — Менин тамаша чалгым келди: — Карап тойбой жатышат, мен ишенип эле турам... Кармап көрүп атышат. Нимфаны көчүгүнөн чымчылап көрүп атышат.
— Тартылгандыбы? — деп бурк этти.
— Ооба, тартылганды... А эмне үчүн болбосун?
Бирок менин тамашакөй маанайым Чижовго жаккан жок. Мектеп мугалими биздин бул жердеги сабагыбызга олуттуу мамиле кылат. Недоплёсовго да өтөле олуттуу. Турмушка да өтөле олуттуу карайт. Ага, менин көз карашымча, көп учурда карыялык жеңил ойлуулук жетишпейт. (Чурка бозбаш! Келес кары!.. Бул Чижовго эмес.)
Бирок, балким, аларда Недоплёсов менен социалдык кепилдик, өз ара колдоо иштеп кетет чыгар. Мугалим дарыгерге кайдыгер карай албайт.
— Мени биздин врач кызыктырат. Ал таланттуу. Болбоду эле дегенде, оригиналдуу, — деп баштайт Чижов (менин катылган ойлорумду окутуучулук жөндөмү менен болжолдоп). — Мага болгону береги анын «сатирмэн» деген куйкум сөзү жакпайт... Билесизби, ал бул сөздү илимий колдонууга активдүү киргизип жатат... Анын макалаларын көрдүңүзбү?
— Жок.
— Өкүнүчтүү.
Чижовдун сүйлөшкүсү келет. (Врачтардын колуна түшкөндөрдүн бардыгы жалгызсырайт. Ошондуктан карылар коридорлордогу кезигишүүлөрдү жогору баалашат. Кыска жолдоштуктун суррогаты.)
— Эмне үчүн окубадыңыз экен?.. А «сатирмэн» деген сөз сиздин кыжырыңызды келтирбейби, Петр Петрович?
— М-м.
— Түшүнөм... Көнүп кетсе болот. Бирок жазылып турганы көзгө жаман көрүнөт экен. А эмне үчүн «э» менен?.. Кызык, бул сөз аларда англисче кандай көрүнөт болду экен... Анткени орусча булардын баары «е» менен жазылат эмеспи: «спортсмЕн», «бизнесмЕн», «джентльмЕн»...
Анын үнү улам катуулап баратты:
— Мен Недоплёсовдон сурагым келген. Мага, булар-булар кызык деп... Жазуу, негизи, көп нерсени айтып турат... Бирок мен тайсалдап, унчуга албадым. Балким ал «джентльмен» — бул таптакыр башка адамдар тууралуу деп айтышы ыктымал.
А-а, ушундай де! Биз дагы кичине тамашалаганды билебиз. Мектеп мугалимин кубаттап коюш керек:
— Ооба, — дедим мен. — Буга сиз өз убагында кириштиңиз. Джентльмендик тууралуу.
Биз эми үчөө болдук. Коридор аркылуу биздин дагы бирибиз — Дибыкин жетип келди. Анан дароо кепке аралашты:
— Эмне-е болуп атат, акылдуулар?
Жооп узатпай деле койсо болот. Дибыкин кичине жиндичалыш, сүйлөшүш мүмкүн эмес.
Алар катарлаш турушат — карама-каршылаш түгөйлөр. Чижов сылык-сыпаа. Чижов — узун бойлуу, арык, ак аралаган кыска сакалчан жана көз айнекчен. Ал ялтадагы кезиндеги Чеховго окшоп кетет. Бардыгы түшүнүктүү. Мектеп мугалими, албетте, өзү тууралуу жана Чехов тууралуу билет... Балким, өзүнүн бул окшоштугун баалап-багат көрүнөт. Ошондуктан ал боорукер, жумшак, адамгерчиликтүү. Дибыкин анын жанында тоонун зоосу. Күчтүү, албан-субан абышка. Биз бардыгыбыз (төртөөбүз тең) өтө чымыр чалдарбыз, бирок ашепке албан Дибыкин — дегеле эч ким эмес. Булчуңдардын үймөгү өзүнчө эле.
Акыры бул булчуңдардын үймөгү эстеп калды:
— Жүргүлө, акылдуулар, арткы эшикке!.. Ха-ха-ха. Картинка ошоякта. Картинка келди!
Ал каткырып атат... Анын эмнеси күлкүлүү?
Биз арткы эшикке карай жөнөдүк. Картина чын эле ошоякта экен. Аны түшүрүп, так эле эшиктин алдына калтырып кетишиптир. (Кетип бараткан машинанын үнү.) Картинанын жанында медайым Ариша жана биздин төртүнчү чалыбыз — Клюшкин. Ал ачуусу чукул абышка. Ал бизди өзүнүн бинттелген жаралуу колу менен чакырып калды:
— Эмне кылып жүрөсүңөр, ыя!.. Келгиле, келгиле, сатирмэндер. Алып барыш керек... Күтүп атам, күтүп атам, эч ким жок!
Биз жете келдик. Кантип кармаш керек деп байкап атабыз. Мен астынан жана капталынан кармадым.
— Ваутерс... Тимеле көчүрүп койгондой, — деди мага мектеп мугалими Чижов картина тууралуу акырын шыбырап. Мугалим адамдардын баары билсе деп ойлойт. Кыскасы, агартуучу... Ал дагы алкакты астынан кармады.
Көтөрүп жөнөп калдык.
Картинанын өлчөмү кичине эмес, алкагы оор. Ариша бизди баштап, кыска буйрук берип башкарууда: «Түзүрөөк кармагыла!» — анан дагы: «Кырын абайлагыла!» — анан кайра: «Акырын, акырын. Бул сага рояль эмес!» Анан бир маалда унчукпай калат. Биздин колдорубуз ыгын таап, эми Чижов башкара баштады — мугалим болуп жүргөндө ал мектепте сүрөттөр менен бир жолу, эки жолу тургай, көп ирет иштеп көрүптүр. Аны биз деле билебиз го. Аны айтып кереги не! Абышкалардын көрбөгөнү калды дейсиңби? Ал эми орду небак белгиленип, иле турган мыгы кагылып даяр турган коридордун дубалына картинаны илип коюш кеп бекен.
Алп Дибыкин аны мыкка иле салды, а биз Чижов экөөбүз астынан жөлөп бердик. Ишке катышпаган Клюшкин дагы катышты. Ал таңылган колу менен сөөмөй кезегендей кезеп, бизге ызырына кыйкырып турду:
— Солго! Саал-саал!.. Чижо-оов!.. Сен эмне, карган качыр, таптакыр катып калдың?!
Ишти аяктап, баарыбыз бир нече кадам артка чегинип эмнени алып келгенибизди карап калдык. Канткен менен — живопись да! Биз, албетте, картинанын дарылык-тарбиялык мааниси тууралуу мурдатан эле укканбыз, билебиз. Недоплёсов өзүнүн маектешүүлөрүндө бизди далай ирет жомокторго жармаштырчу... Франс Ваутерс, XVII кылым, май боёк, «Сатир жана нимфа...» Шибердеги Нимфа... Түшүнүктүү иш, жыпжылаңач уктап жатат. Картаң жана түрү суук сатир дабыш чыгарбай аңдып келатат. Мынакей, так тушуна келди. Тегеректе эч ким жок. Болгону токой.
Биз Чижовдон угуп-билгендей, бул коёндой окшош көчүрмөсү. Боёктору эптеп-септеп шыбалгандай. (Подольскидеги Москва галереясы.) Бирок түстүк жоготуулар гана эмес. Көчүрүп жатканда Нимфа дагы катуу жабыркаптыр: арыктай түшүптүр. Голландиялык эти тартылып, эми нимфочка он үчтөгү кызга окшош, ушунчалык жашарып калгандыктан мугалим Чижов мага насаат кыла (тамашалай) акырын кобуранып калды: оңдолгон бул картинанын аталышын «Сатир жана нимфа» дебей, «Сатирмэн жана нимфетка» деп коюшса дурус болмок экен.
— Асимметрия, — деп буркулдадым мен.
— Так өзү. Таптак эле ушундай! — Мугалим кызууланып кетти. — Мааниси боюнча сатирмэндер жараткандын актыгын аныкташат... муну кантип айтса болот?.. актаганы ошо да, нимфалардын болгонуна көлөкө түшүрүшөт. Аномалия аномалияны айкындайт эмеспи. Сатирмэндер жаш нимфаларды аныкташат. Жаш курактарынын жарышы боюнча... Асимметриялык тең салмактуулук.
Катарыбызда турган жана сак кулак Дибыкин бизди акылдуусундурбайт:
— Качырлар. Эмнени шуулдатып атасыңар дейм!
Унчукпастан туруп калдык... А бирок сүрөт баары бир мыкты. Эсти тандырат. (Бул слайд эмес.)
— Аксакал. — Дибыкин мени жеңден тартты. — Адистигиң боюнча ким болосуң?.. Эмне менен нан тапчу элең?
Мен дароо ондукка мээлеп жооп ыргыттым:
— Дачачымын.
— А-а! — деп ишеңкиребей жым болду ал.
Унчукпастан турабыз. Бизди катуу тасирдентти. Сулуулук, дайымкысындай эле адамдагы кандайдыр бир баалуулукту сактайт — биздин азыркы учурубузда биздеги бирдемени сактап калды. Бир саам төртөөбүз тең тынч алдык. Бардыгыбыз тең чындап унчукпай турдук. Биз капталдан өзүбүздүн уят-сыйытыбызды карап турабыз.
2
Анын денеси айнек кумгандагы сүттөй. Анын денеси жалаң аппак эмес деген каңкуу. (Бышкан сүттүн уюшу. Катышы. Көбүктүн отурушу.) А асман болсо чочулатпайт, асман уйкудагы жылаңач нимфанын үстүндө кең жайылган. Ысык... Шактар...
Нур оливка жалбырактарынын арасынан жылчык таап, шыкаалоодо. Мен дагы шыкаалап турам. Мен дагы ошол нур менен кошо сүзүп кеттим. Мен — нурда бийлеген чаңчамын. А бирок бийиктен уйкудагы нимфаны толугу менен көрүп турам. Анын денеси эч убакта уктабайт. Анын денеси чакырып турат. Анын сыйда маңдайы инстинкттер тууралуу бакырып айтып турат. Бирок бечара сатир инстинкттерге чейин (анын инстинкттеринин азгырык мунарына чейин) канткенде жетет?.. Шактардан секирип чыгыш оңой эмес. Секирик бир башкача каармандыкты талап кылат. Эгерде сатир баатыр болсо...
— Петр Петрович, сиз эмне, уктап калдыңызбы! — деп мени врач Недоплёсов алаканы менен акырын таптап койду. — Кана эмесе, кыялданып көрөбүз. Бирок адегенде тактап алалы: биздин сатир эмне кылып жатат?.. И-и?
Модалуу психиатр Недоплёсов аябагандай оптимист. Эртең мененки ондо — үнү таза, сергек, өктөм, жеңишке ишенимдүү, ал бизди — абышкаларды ишендириши керек. Бул оңой иш эмес. Дароо төртөөнү ишендириш деген... Жоош эмес... Сергек эмес... Жаш эмес.
— Шыкаалап атат, — дедим мен. — Андан башка эмне кылмак эле.
— А сиз, Петр Петрович, кандай ойлойсуз — нимфа азыр аны эркек карап турганын сезип атабы?..
Бирок Петр Петрович буйдалып калды. Мыкты живопись мени шал кылып коёт. Ал тургай слайд болсо дагы. Ал тургай сапатсызы дагы. Атургай сабактан кийин биз өзүбүз түтүк кылып жыйнап койчу бозомтук экрандагысы дагы.
Недоплёсов ошо замат мени таштап, дилдиреген үн менен Клюшкинди нирванадан чыгарат:
— Нимфа азыр аны эркек карап турганын сезип атабы? Же ал муну небак билип калганбы?
Бирок Клюшкин да буга жооп кайтара элек. Болгону таңдайын чыкылдатууга жарады. Чпю-чпю. Оозун чормойтуп алып андан да катуу чыкылдатты. Аябагандай ширин чыкылдатып атат... Аны токтотпосо болбойт. Анан Недоплёсов каткырып ийди:
— Түшүндүм. Түшүндүм... Жооп кабыл алынды!
Класс ичи күңүрт, а акталган дубалда (экранда) Рубенс... Сатир аңдып келатат, жылаңач нимфа уктап жатат... Сатир ушунчалык жакындап келди, эки эле кадам калды, бирок андан ары жылууга дарманы жок. Тайсалдаган. Анын аппак зор денесинен азиз болгон... Алардын ортосундагы боштук — чек ара сыяктуу. Эки кадам... Сатирдин арманы... Чпю-чпю деп эриндерин ачып-жабууда Клюшкин.
— Ракурсуңузду өзгөртүңүз! — Недоплёсовдун үнү мени кайрадан үргүлөп бараткан жеримден сууруп чыгат.
Биздин класс тар. Бирок биздин ар бирибиз өзүнчө столдо, ар бирибиз өзүнчө отургучтабыз. Төрт пациент үчүн — жаман ойлордон (болжолдуу), андан да жаман түштөрдөн жабыркаган төрт чал менен өтүлүүчү эртең мененки психопроцедура... Мен тунарган көз караш менен айланага көз чаптырам... Үчөөбүз (мени кошкондо) дубалдын оң жагындабыз. Биздин оң флангыбыз... Анан бирөөбүз (бул Дибыкин) терезе тарапта. Терезеге, албетте, көшөгө тартылган.
Врач Недоплёсов биздин артыбызда, проектордо. Ал ошол жактан биздин музыкага дирижёрлук кылат. Слайддарды алмаштыруу менен — нимфаларды алмаштырат. Анан өзү комментарий берет... Жарык ачык эмес. Экран Айдын үстү сыяктанып одур-бодур. (Живопись канчалык бозомук болсо, аялдын тулкусу ошончолук агыш көрүнөт.) Картиналардагы сатирлер дагы өзгөрүп турат. Алар тирүү кишилер. Желмогуздар эмес, кишилер!.. Врач Недоплёсов төртөөбүздү өзүбүздүн кеселдерибизден уялбай эле койгула деп ишендирет. Мындайлар боло берет дейт... Айланайын абышкалар! Дүйнөдө эмнелер гана болбойт!.. Өзүңөрдүн жарым-жартылай балалык кенемтеңерди таштагыла дейт. Силер уялып жаткан нерселер небактан бери дүйнөгө дүңгүрөй белгилүү болгон. Силер накта жиндилерге теңеле албайсыңар. Ал тургай тентек-жөнтөктөргө да жете албайсыңар. Адамзат миң жыл жашады, анан ошолорду береги семиз катын менен кантип таң калтыра алмак элеңер! Ат-таңдын көрү-ү дүнүйө!
— Көз карашыңыздарды өзгөрткүлө. Бат-баттан өзгөртүп тургула... Бизде картиналар аз!
Врач ушинтип ашыктырат. Ал биздин башыбызды бирде оңго, бирде солго бурдуруп... кичине ары жылгыла... көз карашты да арыраак жылдыргыла деп... Врач бир картинадан бизге он таасир алдыргысы келет. Бир Рубенстен ага теңдеш он художникти сыгып чыгаргысы бар. (Биз жылбаган оорулуулардын гимнастикасын жасап жаткандайбыз. Чыканакты столго такап оң колуңар менен башыңарды оңдогула. Сол колуңар менен башыңарды оңдогула... Түз отургула. Чалкалап отургула.) Эми мунусу укмуш тимеле!.. Араңдап жатып козголуп башымды кыймылдатсам, тиякта жел үйлөп кетип, оливкабыз теңселди! Грек токоюнда!.. Жалбырактар дирилдейт. Анан сатир апапакай көтөнгө бадалдын башка, жакыныраак жагынан жакындап келаткансыйт — карасаң мунун кыйындыгын!.. Рубенс болбой коё кал!.. Уктап жаткан нимфанын этек учу менен эптеп жабымыш эткен жан жери же сыйда көчүгү эмес, эмчектери азгырыктуу сезилет... Салаңдаган сол эмчеги... ал абышканын көз карашын албарстыдай азгырууда тимеле!.. Анан аппак болгон тизелери титиреп кетти...
— А бул Марсий!.. Ал тууралуу уктуңар беле, мырзалар?.. Фригиялык сатир Марсий. Эгер уккан болсоңор, дагы бир ирет угуп алгыла. Ал буга татыктуу, биздин Марсий...
Недоплёсов күлүп калды:
— Караңыздарчы, кандай жөнөкөй, анткени ал бул жаат боюнча эксперт... Анын нимфаны кантип карап атканын караңыздарчы... Кандай тартынчаак. Канчалык оңтойсуздануу! Бул момун бечара өз өмүрүндө ушунчалык бороон-чапкын жасай алат деп эч кимдин оюна келмек эмес. Ушундай борошону!
Бул Марсий деген неме жаш сулууну шыкаалап караш үчүн ар күнү келип турган. Мажүрүм талдын бутактарынын арасынан ал кантип киринип жатканын карачу. Бирок жылаңач аял суудан чыгар замат тартынчаак Марсий жашына калчу. Ашык болгон сатир абдаарып калчу. Тартынчу. Ал карып калган... Болгону алыстан-ыраактан туруп, жашынып алып нимфага суктана карачу. Ал кантип жатып атат... уктап бартат...
Бир ирет ушул дөңчөдө Марсий чалынып кетти да, таманы менен бир нерсени басып алды. Сиздер, албетте, билесиздер! — чөп үстүндө флейта жаткан.
Ап-бали! Ага карай тарткан неме ушу тура!.. Сатир дөңчөгө көчүк басып, ойноп кирди. Кандай гана созолонто ойноду дейсиң... Бирок нимфа ойгонуп, чуркап жетип келген жок. Ушундай да катындар болот. Ого бетер көшүлөп уктай берди... Ага камыштар шамалга улуп жаткандай сезилди... Керемет күүдөн улам анын түшү андан бетер ширин тартты.
А бирок тамшандырган музаканы угуп, жакын тегеректе жашаган элдер жүгүрүп жете келишти. Бул карапайым элеттиктер (карапайым байыркы гректер) анын күүлөрүнө таң беришип, «сатир өзүнүн күүсү менен бардыгынан ашып түштү!.. ал тургай Аполлондун өзүн чаңга калтырды!» деп дуулдап жатышты. Адамдар көңүл эргиткен нерсени кудай менен салыштырганды жакшы көрүшөт. Ал эми кудайдын каарына калыш кооптуу экени эмгекчи элдин эсине да кирип койбойт.
Сатир Марсий өзүн дароо колго ала албады. Эки анжы... Бирок ал нимфа флейтанын созолонгон обонун угуп чуркап келсе деп самаган. Карапайым сатир кудайдын урматына флейта ойноп бере турган Аполлондун тоюна чакырат деп ойлогон. Балким, ал анда кудайдын өзүнөн да ашыра ойнойт беле, ким билсин.
А нимфа келбей койду. Же, кээ бирөөлөр айтмакчы, келиптир, бирок, опур-топурдан улам оолактап четте турган дейт. Бирде бул, бирде тигил жерде... Ага баары кызык эле! Марсий чал керемет күүлөрдү көзү чыгып кеткиче үйлөп-тартып жатканда ал анын жанына жакындап да койбоптур... А бирок Аполлон басып келиптир. Кудайдын так өзү келиптир. Кайдагы бир сатирдин чеберчилиги анын жинин кашайтып жүрүптүр. Ал флейтаны колуна алды да, ойноп кирди. Андан кийин лираны алды да, кайрадан ойноду. Ал, албетте, жеңип кетти. Ал жеңди, бирок эрдемсиген жок... Тыңчыкманын батылдыгына каарданган кудай жеңиштен соң бардыгы өз ордуларын билип жүрүшсүн деп Марсийдин терисин тескери сыйрып, бакка илип салды. Ал аз келгенсип, аны шамал үйлөп жыртып жатты. Кемсинүүнүн кейиши тууралуу кеп кылбай деле койсок болот. Флейтанын үнү чыккан жерде байкуш сатирдин териси жанталаша туйлачу экен... Айрылып-сөгүлчү дешет.
А ошол маалда нимфа кайсы жерде болбосун, көшүлө уйкуга кирчү дейт. Анан дырдай жатып уктап калчу экен.
Врач Недоплёсов биздин ошол экрандагы оливка токоюна сиңип кетишибизди каалайт. Адеп сезимтал, андан соң жөн-жай гана (бирөө-жарымы кыйкырып чочутат же сөгүп кубалайт дебей) уйкудагы аялга байкоо салдыргысы келет... Врач биздин аң-сезимибиздеги ак көңүлдүгүбүзгө: грек жомокторундагы улуу жетишкендиктердин үрөндөрүн сепкиси бар. (Анысына Фрейд чоң ата дагы ыраазы болмок. Эмне үчүн экени белгилүү эмеспи. Оливка майы менен, бирок боткосу баягы эле.)
Анан картаң сатир менен наристе нимфанын жаш курактарына кабатырланыштын кереги жок. Ушундай боло келген, боло берет. Көп-көп жолу болгон... Сопусунгандарды шайтан алсын! (Айрыкча элүүдөн ары оогон аялдарды.) Кылымдардан кылымга сүрөтчүлөр нимфа аралашкан сюжеттер менен ооруп келишет. Ал аларды шыктандырат! Алар колдоруна калем менен кистини албай коё алышпайт. Антсе, кистисинин өзү эле шыпылдатып тартып кирет. Кисти алар элестеткен нерсени полотного түшүрүүгө үлгүрүп жетише албай куурайт...
— Көрдүңүздөрбү, сиздер кандай алдуу-күчтүүсүздөр... Жапжашыл бойдонсуздар... Ооба, жүрөк... Ооба, жара... Ар кайсы жерлердеги дарттар. Бирок мен медайым Ариша (карточкаларды толтуруп жаткан) сиздердин ар бириңиздер канча жашта экенин айтканымда, ал аз жерден үстөлдөн кулап кете жаздады. Гвардеецтер... Сиздер дагы далайларга туруштук бересиздер! Дибыкин эртең Тайсонду талкалайт. Бирок, аксакал, кулагыңызга сак болуңуз!.. А башкысы... Башкысы, сиздер узак жашагандарсыздар! Теңирдин тартуусу!
«Узак жашагандар» деген сөздү кыраат менен айтты.
— Шыкаалоонун өзүндө кылмыштын кылдай изи жок, адепсиздикке да кирбейт... Бирок...
Акыры Недоплёсов тикелей жыйынтык чыгарат. Биз үчүн, чалдар үчүн... Ал жомокту насаатка буруп кетти.
— Түшүндүңүздөрбү?.. Марсий жазаланган. Эрөөлгө чыкканы үчүн. Жеттиби эми сиздерге, мырза сатирмэндер? Сиздер эми каалашыңыздарча нимфалар тууралуу кыялданып, шилекейиңиздерди куюлта берсеңиздер болот... Сиздер түнкү эротикалык фильмдердин экранындагы, сүрөттөрдөгү... пляждардагы... жылаңачтарды жалап өпсөңүздөр жарай берет. Сиздер толугу менен кайф кармоого укуктуусуздар. Бирок... — психиатрдын үнү өктөм, — бирок —таңуулабастан... Бирок —элдин назарына илинбей... Бирок өзүңүздөрдүн флейтаңыздар менен бирөөнүн жылуу төшөгүнө кол салбастан.
Врач Недоплёсов слайдды алмаштырат, дубал бетинде дагы бир уйкудагы нимфа тирилип чыга келет... А мунусу ким?.. Кайдан чыгышкан? Дарооле эки сатир. Экөөсү тең капкара... Экөө тең дымып турушат... Ал чүчкүрүп ийер замат алар учуп жок болушат. Алар анын аппак (анан дагы коргоосуз калган) денесинин үстүндө асылып каалгып калышкандай. Уильям Этти. «Уйкудагы нимфа жана сатирлер». 1828. Лондон улуттук галереясы.
Кумарадагы жазуу. «Афина жана сатир Марсий». Биздин доорго чейинки V кылым. А-а! А бул деген биздин бечарага чейин тура. Бул Марсий чөптө басып келатып флейтаны тапкан кези... Тактап айтканда, бул гениалдуу флейта башында Афина кудайга таандык болгон. Көрсө, флейточка башка бирөөнүкү турбайбы!
Пуссен. «Сатир жана нимфа». 1630. А бул жерде нимфа зеригип жатат. Ал көңүлсүз. Сатир андан эки кадам алыста бөтөлкөнү оозунан шимирүүдө. Кайран гана, карыя! Укмуштун укмушу!.. Бирок нимфага бир кадам (эки кадам!) жакын барганы карыянын кадырмандыгын билгизбейт. Нимфа жөндөн жөн эле тийишкенге жол бергендей. Мүмкүн мас сатир анын көңүлүн көтөрөт деп күткөндүр. Капасын айдап кубалайт дегендир... Бер, дагы арак бер, кичинекей Эрот. Какап өлсүн картаң теке!..
А андан ары көрө жатабыз... Көрөсүң, мейкинде жаман да болсо кандайдыр бир баатыр жаралып калар. Оливка токоюндагы дөңсөөдө... Чарчап, чаң баскан эркек-баатыр... Ошондо бул текени... бул сатирди көчүккө тээп, желкеден алып ыргытасың!
— Ракурсту алмаштырыңыздар! — деп кыйкырат Недоплёсов. (Мен үргүлөп кеткенде бардык дабыш кулагымды жарып ийет тимеле.)
Мен жол берилгенден (искусствонун чек арасынан) чыгып кетпеш үчүн жана каректеримден суурулуп чыгып ошол күнөстүү дөбөгө, ийри-муйру оливкалар менен алардын көлөкөсүндө уктап жаткан акжуумал нимфалардын үстүнө кулап түшпөш үчүн көздөрүмдү ачып-жумам... Аякта мага суутуп коюппу? Менин катышуумдан эмне өзгөрөт?.. Дагы бир сатирдин кимге кереги зарыл дейсиңер.
Мен эч кандай сатирмэн («э» же «е» — айырмасы жок) эместигимди жакшы билем. Мен жөн гана кызыкканымдан улам бул жердемин. Жеңил ойлуулуктан!.. Мен, адатта, сүйөнчөөк абышкамын. Кыязы, ушундай бойдон өлөм. Мейли. Мен, албетте, көптөгөн картаң сатирлер өздөрүн сүйөнчөөкпүз деп ойлошорун укканым бар. (Мен буга дагы жол берем.) Мейли, ошондой болсо... Шашкан шайтандын иши. «Э» мененби же «е» мененби, бирок сүрөттү көз тойгончо карап алдым. Жетишет. Мени художниктер уйпалап салышты. Мен мына-мына искусствонун чегинен тышкары (жандүйнөсүнүн чекесинде) адам эч ким эмес, кенедей бирдеме, сирке болуп калат дегенге толугу менен макул болчудаймын.
Бул жерде мен кичине жана кенедеймин... Эгер кокус мыкты живопись көрө турган болсом, менин бу жалганды жарып жибергим келет, ов! Буйтап кетүүгө убакыт жок. Чегинүүгө жер жок. Каным кайнап чыгат, бирок мен картаңмын, ичтен тепкен каным дүйнөнү эмес, менин өзүмдү жарып салчудай.
Ж.-Ф.-Ж. Сали. «Сатир улак менен». 1751. Мынакей!.. Сатир өзүнө жакын жанды (аны менен бирге картиналарды карай берип карк болгон сатирмэндерди) кайдан тапкан десе!.. Көрсө кичинекей төрт аяктуу жандык менен жайдары тартып кетет тура, бул кургур. Анан дагы бул жашара түшкөн мармар сатирдин беймарал тарта түшкөнүн көр. Кандай көркөм. Ал — табияттын бир бөлүгү. Анын өзү азырынча улактай. (Ал эми нимфаны эртең көрөт. Эртең гана... андан кийин бир үйүр кайгы-капа каптайт аны.) Ал өзүнүн бала чагынан... улак бейишинен кетпей койсо кана...
Чакырып атабы?.. Бирок ал чакырып атабы, же? (Анын үч назик алкымы, курсагындагы жүз бырыштын бирөөсү чакырып атат.) Берсемби же бербесемби — мында маселе жок. Нимфалар үчүн маселе кылымдарга созулуп кетти... жооптун маанисиздигинен улам! Бул башка суроолор үчүн. Нимфалардын көздөрүндө — ойдун изи да жок. Бирок боёктор, боёктор! Бирок дене кандай тойлоодо. Чөп үстүндө. Зумурут чөптө.
Жатат-жатат. Ал тургай баатырды да күтпөйт... Өзү менен өзү. Нурду күтүп атат... Жаанды... Чымын-чиркейди... Ак кууну... Асмандан түшпөстүн бардыгын!.. Бирок жерлик эмести, булганыч эмести, сатирге окшогондор эмести. Ал эгер сен сатир болсоң эмнени айтып жатканыңды кайдан түшүнөт. Сатир ал үчүн бомж. Бомж-карыя... Сатирде (уйкашын кара) батир жок. Сатирде даарат ушатар жер жок. Бул жагынан баары жайында. Даарат ушатар жер толтура, оливка токою... анан дагы бадалдар, бадалдар...
Шыбарап (башкаларга тоскоол болбош үчүн):
— Петр Петрович... Кел, ордубузду алмашалы, а?
Бул Чижов. Мектеп мугалими ракурсту акырына чейин өзгөрткүсү келет. Мээлеп калыптыр... Менин ордума отурууга.
Бирок мен баш чайкап, шыбырайм: жок... Ракурс — мага да жагат. Мага, ракурс көзүмдү жүлжүйтүп койсом эле жайында болуп калып жатат. (Ырасында мен үргүлөп отурам. Эриккендиктен.)
Чижов эми Клюшкинге ыктады — ал азыр аны түшүнөт, анан орун алмашышат. Азаматтар! Аларга азыр оливка токою кандай оюн көрсөтөрүн, алардын көздөрүн тажатып бүткөн жоон-жолпу нимфа кандай жашара түшкөнүн элестетип атам. (Недоплёсов алардын орун алмашканын көрүп эле турду, бирок эскертүү бербеди, демек, алардын бул аракетин кубаттайт.) Андан ары Чижов Дибыкинге карай жылып, кайра-кайра орун алмашты... Аракет кылып атат! Эки катар алмашуу — бул деген эки башка ракурс. Мыкты мугалим — жакшы окуган окуучудай.
Ал ким? Жай турмушта кандай болду экен бу мугалим Чижов?.. Шайырзавучпу?.. Же, мүмкүн,жогорку класстардын химик мугалимидир? Жогорку класстардын химик мугалими сөзсүз түрдө оюнкараак болот, же бул тек гана —кууланып атабы?.. Кызык, Чижовду кыздардын атасы урду бекен? Онунчу класстагы кыздар даттанып барышкан соң... Менин элестетүүлөрүмЧижикти үч ирет мектептен кууп чыккандан арылай албады. Бирок, бечара дагы эле мугалимдик кылганга даяр, керек десе андан ары кеткиси бар. Бул мектепти башкасына алмаштырууга да кайыл... Анткени адистигин сүйөт. Жол деп ушуну айт!.. Подмосковьенин бир булуңуна ишке орношконго жараптыр... Аны ал жактан да көчүккө тээп кууп чыкпаса болду! Класстан көчпөй жадаткан окуучудай кылып. Чижик учуп келди — Чижик учуп кетти!.. Кууп деле салышмак, бирок ким деген педагог жердин жети түбүндөгү советтен калган мектеп лагерине жайды-жайлай жүрөт дейсиң? А, ал барат. Сөзсүз барат... Андан арычы?.. Ак чатырлар... Бейпил түн кирет. Ушунчалык жылуу, ысык! Россиянын кечтери кандай жыргал... («Мындай караганда, сиздин учур эң кызыксыз кез. Сиз токмок жебесеңиз, — деген Недоплёсов алгач кезиккенде эле. — Менин клиенттерим негизинен токмокту тоё жегендер болчу эле».) Мындай карагандабы? Мен ырайымсыз Дибыкиндин мурун каңдагычтары арбын болгондугун элестеткенге жарайм. Бирок Чижовду... Бийик бойлуу, арык, жылдыздуу, сымбаттуу Чижовду —мурдунан пенснесин чече элекЧеховду сабаганга кантип болсун? Адепсиздер десе!
Жайкы мектеп лагерлери —ардактуу эмес, аябагандай тажатма иш, ошондуктан аякка эч ким жулунбайт. А ал сураныптыр... Шаар сыртына чогуу кетүүгө. Мына ушул жамаачы фанер үңкүрлөр менен аркы-терки кере салган чатырларга. Суук. Ачка-ток. Ашказаны сайгылашат. Ашказан жарасы (комсомолдук-жаштар тамак-ашынан) козголот... Бирок ал ошого карабастан бара берет. Эмне берсе ошону жейт. Чижик баарын чокуй берет!.. Бирок андан ары мен канчалык ыйынып-ычкынсам да,Чеховго каптап койгондой окшогон ал бечара, түнүчүндө чатырлардын арасында кантип аңдып жүргөнүн түк элестете албайм... Ай... Бардыгы уктап жатышат... Завуч-насаатчы болсо шашылбайт. Ал чатырдын оозунда отура берип саал чыйрыгып чыккан, азыр кетип калсачы... Жо, бойго жетип калган жогорку класстын кызын көзү түшкүчө карап отурат. Кыз уйкуда. А балким, жөн эле ошенткенсип аткандыр... Жок, жок, дегеле мээримдүүлүгүн карап кой, ал болгону колун акырын сунуп анын назик ийининен чөптүн бүрүн алып коюуда... Албетте, ал тууралуу минтип ойлош акмакчылык болор. Бул накта акмакчылык экенин билем. Мен мектеп мээнеткечтерин абдан сыйлайм. Эзүү.
Интеллигенттин колу жазалагандан эмес, таарынычтан калтырап-титирейт. Токмок жеген Чижов, мен ойлойм, ачуусу жок... Ал чыйылдап чыркырайт, чыркырайт, андан соң узакка умсунуп ыйлап алат.
3
Үп... Үп кайта баштады... Нимфа токойдун четинде жылаңач уктап жаткан, а анын сүттөй денесине мас болгон сатир Марсий бадалдан шыкаалап турган. Баатыр эмес... Сатирдин чечкиндүүлүгү жетишпеди. Таптакыр! Ошондо ал тегеренип баса баштады. (Жакындабай, бирок алыстап да кетпей. Уктап жаткан нимфанын тынчын албай, бирок андан көзүн албай.) Жантаймада тегеренип жүрүп Марсий камыштан жасалбаган флейтаны басып алды.
Аны айым кудай Афина маралдын жилигинен жасаган. Таң эрте ал жалаң өзү үчүн, а кээде, кечкисин, — бардыгы үчүн ойночу. Анан Афина эмне үчүн ушул кечтерде Гера менен Афродита аны шылдыңдап күлүшөрүнө түшүнө алчу эмес. Алар кайра-кайра карап шылдыңдашчу, а анын эрмек-тамашасы (флейтанын музыкасы) жаңы, анан талашсыз, укмуштуудай сонун эле. Башка кудай-таалаларга караганда анын күүсү салтанаттуу чыкчу. Айрыкча шамал үнүн туурап шуулдатканы... Бирок анын ыргактары таанымал эки сулууга жага берчү эмес. Бул да факт.
Таң ата токой аралап, Афина булак жээгине отурду да, суудагы өзүнүн чагылышын карап өзү үчүн ойноп кирди. Көрсө ушундай экен да!.. Аба жетпей чыңалып, эки бети тултуюп, анын жүзү шумдук эле болуп жатып калат тура. Флейтада ойноо, көрсө, анын ажайып керемет өңүн бузуп коёт турбайбы... Афина ошол замат аны ким колуна алса ушинтип-ушинтип калсын деп каргыш айтып, флейтаны ыргытып салат.
Ал эми бечара Марсий үн чыгарар нерсени колуна алды. Марсий болгону музыка менен нимфаны алаксыткысы келген. Ал эрөөлгө чакырып жатканын кайдан билип коюптур. Элеттиктер аны өздүрүнүн майрам-тоюна чакырып, ушунчалык куулук менен сатирди алдап кетишти. Ал, ал батыраак! Нимфа сеники болот... Чуркап келет...
Ал эми тойдун тойдой өтүшү үчүн чыгармачылык эрөөлгө лирасы менен Аполлондун так өзүн кызыктырып азгырып келишти. Ошентип кудай-таала келип берди. Кудай качан кыйыктанчу эле... Кайдагы бир сатирден качат бекен? Тьфу!.. Анан эки флейтанын жарышы башталат. (Анан-ана-ан барып лира муңкана баштайт.) Алар кечке танбай ойношту — караңгы киргенге чейин. Бирок мелдеш жеңүүчүнү аныктай алган жок. Тең чыгып калышты. Экөөнү тең угуп чыгып, чынчыл гректер тең экиге бөлүнүштү.
Мына ошондон улам жаалы катуу Аполлон Олимптеги туугандарына тыз коёт... Ал «мейли, мелдештин жыйынтыгын кудайлар чечсин» — дейт. Ошентип ал эшикти тарс жаап чыгып кетет. Ал алардан добушту кайра саноону суранбайт. Ал майдачыл кудай эмес эле... Албетте, түшүнүктүү, Олимптеги бул жигиттердин өзүлөрү, өздүк кылып жеңишти ага ыйгарышат.
— Жеңилгендин өз убалы өзүнө, — дейт Аполлон.
Анан тирүү бойдон сатирдин терисин тескери сыйрып жазалоону буюрат... Нимфа ошол жерде болчу... Ал анын терисин кантип сыйрып жаткандарын карай албай, өзүнүн жайыгына качып кетет. Токойдогу сууга киринип, чөпкө жантая кетет... Ал ортодо байкуш Марсийдин терисин бакка жыйып салган болот түбөлүккө... Анан муну байкашты: артисттин сезгич териси айылдан флейтанын куулук-шумдугу жок карапайым үнү угулар замат анын ыргагы менен дирилдеп титирей баштайт.
Бирок тери кудайлар флейтада ойногондо кыймылсыз салаңдап турган.
Дибыкин — сатирмэндин дал өзү. Башы чоң. Чачы түйдөк... Алп карыя, үймөк булчуң. Ал дүйнөгө балбандын көңдөй артыкчылыгы — ошол эле учурда балалык коркоктук менен карайт. Ал өзүнүн балалык баёлугун каткысы келет. Ага бардык адамдар — чоңдор.
Аркы-терки жылып ракурсту алмаштырып туруш керек деп буйрук берилген соң Дибыкин бала сымал отургучу менен кошо жылып атат. Ага ушинтсе оңой сыяктуу сезилет. Отургучтан туруп, анан кайра отуруштун не зарылдыгы бар?.. Ал отургуч менен бирге. Секирип бараткан бака өңдөнүп —цок-цок бир метр оңго... цок-цок бир метр алдыга... Анын ар бир жылганы цок-цок деп таңкылдап, бардыгынын кулагын жарып атканын түшүнбөйт.
Недоплёсов ага:
— Дибыкин, туяктарың менен тарсылдатып атасың, — деп эскертет.
Анан кичине жумшарып, күлүп калат:
— Биздин, мырзалар, өз кентаврыбыз бар.
Бирок бул Дибыкинге жеткен жок. Ал андан ары таскактайт. Ошентип атып да ал слайддагы ачыган нимфадан — азгырыктуу ак тактардан көзүн албайт. Эми солго цок-цок!.. Ээк ылдый шилекейи чубалат.
А мен уйкусуроодомун. Айланамда кудайлар, сатирлер, нимфалар... анан кентаврсыз да болмок беле?.. Мифологиялык терең чөмүлүү.
— Бардык кылымдарда кентаврлар адамдагы эң бийик сезимдерди козгоп келген.
Таптакыр андай эмес, Недоплёсов мырза. Таптакыр андай эмес... Айрым бир жомокторго ылайык, КЕНТАВРЛАР — салпаяктар. (Адамдык жарымысынын эсебинен.) Анысы унутулган жок. Бул тууралуу бардыгы эле унутуп коюшкан эмес... Сыягы, тиштенээк британец Свифт кентаврларды көрө албаган чыгар. Анын бул аргынды андан ары дагы экиге бөлгүсү келген. Анын акыйкатты тапкысы келиптир. Артка, артка!.. Аны баштапкы элементтердин тазалыгы тартып туруп алыптыр. Анан Свифт кентаврларды —кереметтүү аттарга жана ырайымсыз йэхуга ажыратып таштайт.
Бечара Марсийдин тескери сыйрылган териси тууралуу кеп башталганда, биздин алп Дибыктын чоюндары (бука булчуңдары) чоюлуп чыга түшөт. Угулар-угулмаксан тиштерин кычыратат. Эгер ал болгондо алдырмак эмес. Ал өз терисин сактап калмак (түз маанисинде). Ал баарына кимдин ким экенин көрсөтмөк. Анын өзү анагы Аполлон деген неменин терисин тетири сыйрып салмак! Анан кылымдардан кылымдарга бак башында кимдин териси термелип турары али белгисиз...
Анан эле капилеттен полдо үстөлү менен кошо тегеренип аткан кентавр Дибыкин классты жаңырта кыйкырып калды. Ал аябагандай катуу кыйкырат. Ал кептин маанисин баарыбыздан кыйын түшүнөт:
— Башкысы —флейтаны баспаш керек!
— Петр Петрович... Ракурс! — Бул кайрадан Недоплёсов. Мен дароо жооп кайтара албайм.
— Петр Петрович!
— Алмаштырып атам, мынакей алмаштырдым... — деп көздөрүмдү ачып-жумам.
— Андан ары эмне болду?
Врач Недоплёсов мени шаштырат. Жеңил какшык менен менин ордума өзү жооп узатат:
— ...Андан ары нимфанын өзү сиздин артыңыздан түшөт. Туурабы?
Мейли, аларды андан ары да шылдыңдай берсин... Мени алардын көз караштарынын бат-баттан алмашканы жазгыра да, азгыра да албайт. Базар!.. Мен ага катышпайм! Аралашпайм... Айлана-тегерек бүт эле, алмашкычтар, базар, баары айнып калышкан, а мен болсо жок — мен болгону көздөрүмдү ирмегилейм. Бирде оңун, бирде солун. Мен кириптер болгон жападан-жалгыз өзгөрүш ушу.
Бирок эми Дибыкин дагы өзүнүн тык-тык эткен отургучун тек калтырып, орун алмашып отурушкан Клюшкин менен мектеп мугалими Чижовго кошулду. Эми алар үчөө. Аларга менин эмне керегим бар?.. Алмашкычтар десе!.. Алардын үчөөнө тең кайф. Алга, абышкалар! Алга, эси оогон элестетүүлөр! Эгерде көздөрүңөрдү дагы жакын, дагы ыкчам, дагы курчураак жылдырсаңар, анда сен жана жымырап турган оливка токоюнун, уйкусураган шибердин ээси — ушул уктап жаткан жаш айым оп тартып кетер силерди. Эмне менен жамынган?.. Эчтеке менен — болгону анын апакай буттарынын ортосун жапкан ичке жука кездеме. Эгер ырасын айта турган болсок, алаасын жапкан.
Эми алар бат-баттан орун алмаша башташты. Клюшкин Чижов менен, мугалим Чижов жаа бербес Дибык менен!.. Дибык — Клюшкин менен — а Клюшкин кайрадан Чижов менен!.. Нон-стоп... Эгерде үстүнөн караганда — алмашуу кыймылы андан да ыкчам. Кайсы бир дөө (көзгө көрүнбөгөн) абышкалар менен оймок ойноп жаткандай көрүнөт.
Бирок көрүнүп тургандай, жаңыдан өздөштүрүлгөн көз караштар сатирмэндерге узак кубаныч алып келе албады. Бул үстөлдөн тиги үстөлгө секирүү (жылуу жерден жылуу жерге) ылдамдай баштады. Менин кадырман карыларымдын кыймылдары көзгө илешпей баратат. Ары-бери... Бери-ары... Болгону орун алмашууда терезенин түбүндө туруп калгандар гана (аякта жылчыктан күндүн нуру шыкаалайт) ар бир жолу бираз кармалып калып жатышты... Отуруп алганын кара... Бирок кууп чыгышат: болду тур, болду эми деп!..
Ал эми көрүнбөгөн зор оймокчу эми оюнду ого бетер ылдамдатты. Анын кол астында үчөө тең көзгө илешпей ары-бери жүгүрүүдө. Толкунданып алышкан. Ракурсту алмаштырар замат, дагы алмашкылары келет. (Биз жок жердин баары мыкты!)
— Петр Петрович, — деп чакырат Чижов акырын шыбырап. Атып туруп ийиниме колун койду, — кел, экөөбүз орун алмашалы, терезедеги менин ордума жыл!
Мен баш чайкадым — каалабайм.
А ал, өжөр, анан дагы «бол, бол, Петр Петрович, бул жерде сага күңүрт көрүнөт экен, муздак экен, жел да тиет тура» деп шаштырат.
— Мени үйлөгөн жери жок.
— Үйлөп атат, үйлөп атат! Сага суук тийип калат! — деп менин психикама басым жасайт картаң мектеп мугалими.
Мына, аңкоолуктун жеткен чеги. Өмүр бою (муну баары билет) бизге дубалдан эмес, так ушу терезеден суук тийет, ошого карабастан терезеге карай жанталашабыз. Мындай келесоолукту Дибыкин... же Клюшкин көрсөтсө жарашмак... Бирок мектеп мугалими эмес.
Өлөрман Чижов аз жерден мени отургучтан сүйрөп түшө жаздады. Жабышып алыптыр тимеле! Мен анын эркине көнүп, ракурсту алмаштырып ордумдан жылып бердим. Чижиковдун отургучуна көчүк басып, экранды карадым — эми мунун эмнеси бар?.. Баягы эле түбөлүк керемет жана түбөлүк жылаңач кудай айым... Баягы эле тапталган шибер. Баягы эле ийри-муйру чоочун токой... Ошондуктан жөн отургуча (көрө турган эч нерсе жоктугунан) көшөгөнүн нур чачыраган жылчыгынан терезеге шыкааладым. Ой, апаке-е!
Катарыбыздагы имараттын биринчи кабатында — терезенин артында — жапжаш кыз уктап жатыптыр. Типтирүү!.. Уктап жаткан, жарым-жартылай жамынган, эки бетин чурмуйтуп, эрининин астында шилекейдин тагы турат. Бираз-бираз ката түшкөн... Ийини менен бир эмчеги (жеңил жамынчысы жылмышып түшүп калгандыктан) алаканга салгандай даана көрүнөт. Бирок анын апакай сандары өзгөчө ачык, шилекейди куюлта жаркырап турду. Тимеле кереметтин керемети!
Бул имарат (үч кабаттуу) башында, жандандыруу бөлүмү болсо керек. Жуулбаган чоң терезелеринин артынан швед эмереги, тренажерлор... ал тургай алкагы менен баскетбол тактасы дагы, кыскасы, чаң жана дат баскандардын бардыгы көрүнүп турат. Муну бирөө сатып алыптыр деп укканбыз... Жаңы эле сатып алыптыр... Бирок имарат бош болчу. А ээн үйдөгү кыз —болсо болду, болбосо койду деп тургузуп койгон түнкү күзөтчүдөй. Бизден, болжолу, онбеш-жыйырма кадам нараакта. Уктап жаткан керемет!.. Дибыкин эмнегеле отургучу менен кошо теминип «терезенин тешигин» карай чаап калган десе! Ошентип чалдардын баары ыштанына чалына ошоякка жулунуп атышкан турбайбы. Ошентип бу шилекейи чубурган кургурлар орундарын куюндай алмашып атышкан тура!.. Азыр эми мени да кууп чыгышат көпкө отуруп калдыңыз, Петр Петрович деп!
Биздин күндөрдүн көндүм көрүнүшү: жаш кыз түнкүсүн өлүк имаратты кайтарат. Карамыш этет. Албетте, болбогон бир тыйынга... Капилеттен мен колум менен, манжаларым менен, атургай тырмактарым менен астымдагы отургучка карышып жабышып калганымды туйдум... тимеле манжаларым үзүлчүдөй тырмышам! Кетпейм, кетпейм! (Көзүмдү экранга — нимфадан нимфага жылдырам.) Мени бираз дүбөлөң чалды. Мен бул жерде түбөлүктүү эмесмин. Азыр бул жерден кууп чыгышат.
Мен бул тирүү денеге азгырылган жерим жок: кыз кезинде баары эле жакшы. Балким суукка урунуп калгандыр... Мурдунан суу куюлуп жаткандыр. Анан, чынын айтканда, тирүү нимфа сүрөт-нимфаны утуп кетип жаткан. Бирок тирүү ал менин мээмди чагып кетти. Ал небак катып калган мээни ойготту. Мен эми ганатиякта болуп кайттым... Оливка токоюнда. Мен аякка учуп жеттим... Көзгө илешпей!.. — ушул азыр гана экрандагы нимфа акыр-аягына чейин тирилип чыга келди. Чыныгы живопистин ичине чымырканып кириш керек. Антпесе болбойт. Катып калган жүрөк менен эмес, атырылып кириш керек. Живописке чумкуй секириш керек —трамплинден секиргендей. (Лыжа менен секиргендей. Учу шиштийген, түптүз созулган жана абада созолоно учкан лыжадай.)
Турмуш менен сүрөттөгү көрүнүштөр жүрөк мыжыды. Бул чаңкоону сөз менен айтып болбос. Мен сенек болуп калдым... Ал эми уйкудагы сулуу бираз кыңая оодарылды. Ал дагы билет экен, кудая-тобо! (Ракурсун алмаштырып атат.) Жамынчысы да, шейшеби да бираз шыпырылды... Оо, кудайым ай! Бу не деген шумдугуң!. Уктап жаткан бечаранын... анын... кыздын бир буту жок экен. Сол бутунун башы жок.
Бактыга жараша, жууркандын учу менен анын алаасы менен курсагы жабылуу эле. Классикалык турпат. Чыгып турган апакай тизелери кандай гана көздү уялта азгырат дейсиң!
Мээм кичине ойгонуп — мен балдактарды издей баштадым. Же таянгычы бар таякты... Жок... Эчтеке...
Бирок кыраакы көз тапты акыры. Көзүм чалды... Майып кыз уктап жаткан жыйнама керебеттин астынан... Алып коймо жасалма бутту. Ал аны түнкүсүн чечип коёт тура. Арзан... Уйпаланган батинке. Боосу менен... анан байлагычтары менен.
— Протезсиз ага жеңил. Ага, албетте, жеңил... Уктаганга жеңил, — деп боорум ооруй кимгедир кобуранган болдум. (Өзүмө өзүм. Капилеттен кармалып калган.)
А артымдан мага Чижов жылып жетти. Шаштыра баштады (карап бүттүңбү?.. келе, орунду бошот!).
— Сен башка жакты карап атасың, — деди ал мага.
Сен анын таманын эмес — бираз өйдөрөөк, тизе жагын карабайсыңбы. Ийилген жердин жомогу... Сулуулук... Көрдүңбү?.. Жомок ийилген тизе астында.
— Түшүнбөдүм... Эмне дейсиң? — деп кайра сурадым мен. — Сиз эмне дедиңиз?
— Мен эмес... Гумилев, — деп кобуранды картаң мектеп мугалими, массанын туташ караңгылыгына нааразы боло. — Акын Гумилев айткан. Жомок ийилген тизе астында болот.




