Жаштыгымдан көптү күткөм чынында...
* * *
Жаштыгымдан көптү күткөм чынында,
ошол кезде жыйырма жашка толгомун.
Жолуң жаңы башталганы кыйын да,
баары билчү менин макоо болгонум.
Акын болсом деп башында тиледим,
Анан, аттиң, айнып кайра кеттим де:.
Ыр жазгандар жарды жашайт, билемин,
Гүлдү сатып бере албайсың эч кимге..
Мынакей, тоо инженери аталып,
ээ болгомун артыкчылык дипломго.
Күзгү бакта баспайм эми кашайып,
Жазбайм жамак ыларымды альбомго.
Тойканада көк түтүнгө капталган
көзүн кыскан кылкыякчы чалды угам,
санап берип чөнтөктөгү акчамдан,
кең далымды алып өтөм алдынан.
Менден эми акын чыкпайт кылдай да,
жазылбастан далай жакшы ыр калар.
Айт, мырзалар, не дейсиңер мындайда?
Унчукпастан ичет, ыйлайт мырзалар..
Ичет, ыйлайт бийкечтерди кучактап,
улам ичип, унчукпастан тим турат.
анан кызып, ким-бирөөнү ушактап,
сөгүнгөндөн кайра тартпай кыйкырат.
Жаштыгымдан көптү күткөм чынында,
ошол кезде жыйырма жашка толгомун.
Жолуң жаңы башталганы кыйын да,
баары билчү менин макоо болгонум.
Акын болсом деп башында тиледим,
Анан, аттиң, айнып кайра кеттим де:.
Ыр жазгандар жарды жашайт, билемин,
Гүлдү сатып бере албайсың эч кимге..
Мынакей, тоо инженери аталып,
ээ болгомун артыкчылык дипломго.
Күзгү бакта баспайм эми кашайып,
Жазбайм жамак ыларымды альбомго.
Тойканада көк түтүнгө капталган
көзүн кыскан кылкыякчы чалды угам,
санап берип чөнтөктөгү акчамдан,
кең далымды алып өтөм алдынан.
Менден эми акын чыкпайт кылдай да,
жазылбастан далай жакшы ыр калар.
Айт, мырзалар, не дейсиңер мындайда?
Унчукпастан ичет, ыйлайт мырзалар..
Ичет, ыйлайт бийкечтерди кучактап,
улам ичип, унчукпастан тим турат.
анан кызып, ким-бирөөнү ушактап,
сөгүнгөндөн кайра тартпай кыйкырат.




