Клеопатра
Жалбырактар түшөт короого. Кудайларды даңктап жалынсам,
Египеттей салып алоого, кышка жетпей сени багынтам.
Миниппея-тагдыр сот деймин, токуп жатат өкүм-токтомун.
Галерасы чөгүп Помпейдин, энобарба тизет көп колун.
Катып калган кадр: туманда топ жылдыздар нурун элебейт.
Клеопатра, угуп турам да, ушак-айың сени тебелейт.
Айткым келет сени актап-ий, кан эргитип назың сездирдиң.
Бекинип тур сыртта Октавий канкорундай ошол мезгилдин.
Ак булуттай жаздык болду анык, сыйкырыңа калдым байланып.
Ай, ким билет, ажал тор жайып, алган белем сага айланып.
Айыпсыздай сага бу чөлкөм, алакандан чаңкоом кандырып:
«Унутасың мени сен өлсөң, Антоний!» — деп турдуң кайгырып.
Төлгө тартып өмүр жолуңа, көз жашыңды катпай селт эттиң.
Кутучада жаткан кобра көрүп-билип турат эртеңкиң.
Марттын соңку түнү дилимден сөзүм айттым, күбө Ай гана:
«Клеопатра, өлөм бүгүн мен, кезигебиз бирок кайра да!»
Канча кылым өттү жол карап, башка дүйнө жанып келгени:
Төшөгүңдө жүзүң калкалап, тааный албай турдуң сен мени.
Көз жаздымда калбайм, аны бил! Жалгыз жылдыз мага тийгендей,
Кирем бүгүн сага баары бир, Египетке бир кез киргендей!