Күзүндө сараң астра гүл...
* * *
Күзүндө сараң астра гүл:
Жыт бербей коёт тарыгып.
Ушундай эле жыттанат
Сөөлөтү бийик карылык.
Төшөктүн тынчын албай, орунду
Четтен таптым. Берчи колуңду.
Жай өлүм. Аяп турду күрөң кумура:
Муунак саптуу астра буулуга,
Ырахмат деп ичпей калды сууну да.





