Сергей Круглов

1966-жылы Красноярскиде туулган. Красноярск университетинин журналистика бөлүмүндө окуган. 1999-жылы поптук наамды алып, Минусинск шаарынын Спасск чиркөөсүндө, Москвадагы Успенский Вражкасынын Словущийдин Жандануусу храмында кызмат кылган. Орустун ыр дүйнөсү боюнча «Поэзия. Сөз кыймылы» жумалыгын «Радио Культурада» алып барчу. «Кресттен Жыландын алынышы» (2003), «Күзгү» (2007), «Садака» (2008), «Көчүрмөчү» (2008), «Элдик ырлар» (2010), «Лазерев жазы» (2010), «Ишемби канайым» (2016), «Лирика» (2022) сындуу он үч ыр жыйнактын автору. Кара сөз да жазат. Ырлары англис, араб, итальян, испан, кытай ж. б. тилдерге которулган. Андрей Белый сыйлыгынын (2008), «Московский счет» сыйлыгынын, «Anthologia» Поэтикалык сыйлыгынын (2016) лауреаты. Минусинскиде жашайт.
Адабиятчы жана сынчы Борис Дубин белгилегендей: «Круглов адатта кичинелердин атынан сүйлөйт, демек, — традициялык иерархияда — алсыздардын, байкуштардын атынан. Анын көз-карашы төмөндө, атүгүл көздүн деңгээлинен да алда канча төмөндө (айлана чөйрөнү жакындатып, бакыйтып да көрө билгени ошондон)».