Ихэюань жайкы сарайы: Бейпилдик залында падыша тактысынын жанында
Алты жашар баланы
кызматчы кыздар элпек кол
кийиндирет аярлап да, сыпаттап:
жибек шым сары алтындай,
көйнөгү деле жалтылдай,
денесине куп жарашып чыгат чак,
төш жагында саймаланган
ажыдаар бийлейт булутта...
үстүнө да жапкан чапан татына —
жээктери көрпөлөнүп териден,
коңгуроо гүлү жайнап жеңинен,
жалпагай шапке конот башына,
ошентип саргыч баркыт каптаган
орун алып тактыдан,
балакай батып бакытка,
жылмаят жамажайы жайылып,
күлүңдөп кылыктана,
бейкапар шаттанганы ашыкча,
көп өтпөй көзү тумандап,
аязы бар айнек болуп кареги,
сурдана кабак-кашын жыйрып бу,
дагы да бир аз болгондо
каарданып эки бети албыра,
берсем деп самап калат буйрукту:
аскерин шилтеп душманга,
жазалап да, кечирип да мыйзамсыз,
көтөрүлгөн элди аёосуз басканга,
өгөй китеп өрттөлгөнүн кубаттап,
кулак түрөт мактоо сөзгө ынап бат,
жасакерлер бөйпөлөктөп жатканда...
өтүп-өтпөй үч мүнөт,
өкүмдарды тактан сүйрөп түшүрөт,
тырышса да канчалык көк беттенип,
кезекте башка бала,
а тиги балакайдын олжосу:
он чакты сонун сүрөт — эстелик.
кызматчы кыздар элпек кол
кийиндирет аярлап да, сыпаттап:
жибек шым сары алтындай,
көйнөгү деле жалтылдай,
денесине куп жарашып чыгат чак,
төш жагында саймаланган
ажыдаар бийлейт булутта...
үстүнө да жапкан чапан татына —
жээктери көрпөлөнүп териден,
коңгуроо гүлү жайнап жеңинен,
жалпагай шапке конот башына,
ошентип саргыч баркыт каптаган
орун алып тактыдан,
балакай батып бакытка,
жылмаят жамажайы жайылып,
күлүңдөп кылыктана,
бейкапар шаттанганы ашыкча,
көп өтпөй көзү тумандап,
аязы бар айнек болуп кареги,
сурдана кабак-кашын жыйрып бу,
дагы да бир аз болгондо
каарданып эки бети албыра,
берсем деп самап калат буйрукту:
аскерин шилтеп душманга,
жазалап да, кечирип да мыйзамсыз,
көтөрүлгөн элди аёосуз басканга,
өгөй китеп өрттөлгөнүн кубаттап,
кулак түрөт мактоо сөзгө ынап бат,
жасакерлер бөйпөлөктөп жатканда...
өтүп-өтпөй үч мүнөт,
өкүмдарды тактан сүйрөп түшүрөт,
тырышса да канчалык көк беттенип,
кезекте башка бала,
а тиги балакайдын олжосу:
он чакты сонун сүрөт — эстелик.



