кадимки китепкана, каалагандай казасың...

* * *

кадимки китепкана, каалагандай казасың,
электрондук эмес, жалпы, гутенбергов мурасы —
жандүйнөнүн күзгүсү: кимди окудуң көргөзчү —
мен сенин ким экениң айтып берем ырасы;
кадимки китепкана, эгер казып издесек,
аярлап баракталган табылгалар кездешет,
карандаш же сыя менен белектеген сөзү бар,
атүгүл автор койгон колтамганын өзү бар;
күтүлбөгөн нерсе кымбат андан да:
балким сени табат бирөө ушинтип деп ойлойсуң,
көпкө жаткан томдугуңду алганда
ылганбаган белгилери бетинде,
чаңын үйлөп, анан барак четинде
ийри-муйру жазууңа көз салганда,
китепкөйдү эргиткени жалгыз гана ушу-я,
акынды да кубандырат купуя,
көп жылдык эмгегинин баркы жоктой адатта,
бу жолу сыйлык болуп, сыймык толуп эки тарапка,
айткың келет күйөрманга авторлош:
эмнең кетет, көп китептен издеп мени тапкын, дос,
мукабасы сүрсүп бүтүп, саргайса да барагы,
чаңын үйлөп, окуп койсоң көп болбос,
шашсам дагы, иргеп жазгам жакшысын,
мынакей, көрүштүк биз, айтайын эми башкысын:
өзгөнү ачып окусаң — өзүңдү да ачканың,
кереги эмне башканын,
нуска, басма, атак-даңк — баардыгы тең чатак-калп,
окуп бүтүп, үстөлүңөн туруп жай,
унутуп койсоң болот, ырахмат, жүргөнүңө унутпай...