Анна Аренштейндин «Forever Жумурткасы» картинасына
Жалпы жагы күүгүмдөнө түшкөндө,
жакындады кофе-чайнек үстөлгө,
чыга келип мейкиндиктен койкоё,
бирок үстөл — орду болуп турулуу,
туткасы оңго, солго карап муруну,
туруп калды бүт дүйнөсү ортого.
Ал бир буюм — тиричилик күбөсү,
азыр мына алдыбызда бир өзү,
кофе бекен курсагында чайпалган?
ушу бизге буюруптур кут мындай,
колубузга түшүп берип туткундай,
кандайлыгы капталынан байкалган.
Метафизик көзү менен карасак,
бизге жакын турат десек жарашат,
(же алыспы?) азыр да эмес, мурдараак
беш мүнөтпү, он мүнөт же кылымдап
ал символдой, эн тамгадай туюлмак.
Тиги кол да, белги берген булгалап,
кофе-чайнек белгисинен канча алыс.
Билебиз деп биз эмнесин айтабыз,
биз билбеген сыры канча — табышмак.
Ошондуктан кофе-чайнек кур калбай,
сыр көрсөтөт эң чекеде тургандай,
турат бирок чектен дагы алыстап.
Туз салгыч да кош көрүнгөн тутумда:
мында, анда... анын тузу ушунда.
Жалгыз гана жалдыраган көмөчтан
буюм тура жанга ынак жакындай:
көздүү куурган жумуртканы жашырбай,
алдыбызга коюп бизге көрөт кам,
чындыгында бар өңдөнүп бөлөк шаң,
дырдай болуп жыпжылаңач көмөчтан,
аны жапсам дейби көздүү жумуртка,
жабыш үчүн үчүнчү көз эң керек,
аттигиниң, аны бирок ким берет,
көзүндө анын жин алоолоп уюп да,
жиндин бирок баш-аягын көрбөдүк,
анан калса, Ата Арбагы өңдөнүп,
жогорудан өктөмдүгүн жар кылган
коркунучтуу аш-айрынын турганы —
«ач курсактын болосуң деп курманы»
берген белги, качканга кеч тагдырдан.
«Бар болом же жок болом?» деп жанат көз,
суу кечпеген суроо бойдон калат сөз.
Турду байкуш түшүнбөй да, чочубай:
эми көрчү, туңгуюктан суурулуп,
купуя кол аш-айрыга сунулуп
барат мына...
Кокуй, кокуй, кокуй-ай!
жакындады кофе-чайнек үстөлгө,
чыга келип мейкиндиктен койкоё,
бирок үстөл — орду болуп турулуу,
туткасы оңго, солго карап муруну,
туруп калды бүт дүйнөсү ортого.
Ал бир буюм — тиричилик күбөсү,
азыр мына алдыбызда бир өзү,
кофе бекен курсагында чайпалган?
ушу бизге буюруптур кут мындай,
колубузга түшүп берип туткундай,
кандайлыгы капталынан байкалган.
Метафизик көзү менен карасак,
бизге жакын турат десек жарашат,
(же алыспы?) азыр да эмес, мурдараак
беш мүнөтпү, он мүнөт же кылымдап
ал символдой, эн тамгадай туюлмак.
Тиги кол да, белги берген булгалап,
кофе-чайнек белгисинен канча алыс.
Билебиз деп биз эмнесин айтабыз,
биз билбеген сыры канча — табышмак.
Ошондуктан кофе-чайнек кур калбай,
сыр көрсөтөт эң чекеде тургандай,
турат бирок чектен дагы алыстап.
Туз салгыч да кош көрүнгөн тутумда:
мында, анда... анын тузу ушунда.
Жалгыз гана жалдыраган көмөчтан
буюм тура жанга ынак жакындай:
көздүү куурган жумуртканы жашырбай,
алдыбызга коюп бизге көрөт кам,
чындыгында бар өңдөнүп бөлөк шаң,
дырдай болуп жыпжылаңач көмөчтан,
аны жапсам дейби көздүү жумуртка,
жабыш үчүн үчүнчү көз эң керек,
аттигиниң, аны бирок ким берет,
көзүндө анын жин алоолоп уюп да,
жиндин бирок баш-аягын көрбөдүк,
анан калса, Ата Арбагы өңдөнүп,
жогорудан өктөмдүгүн жар кылган
коркунучтуу аш-айрынын турганы —
«ач курсактын болосуң деп курманы»
берген белги, качканга кеч тагдырдан.
«Бар болом же жок болом?» деп жанат көз,
суу кечпеген суроо бойдон калат сөз.
Турду байкуш түшүнбөй да, чочубай:
эми көрчү, туңгуюктан суурулуп,
купуя кол аш-айрыга сунулуп
барат мына...
Кокуй, кокуй, кокуй-ай!



